Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » » Ооган согушунун 34 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү

Ооган согушунун 34 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү

15 февраль 2023, Среда
357
0

      Бүгүн, 15-февралда Ош шаарында   Советтик Армиянын Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылгандыгынын 34 жылдыгына арналган салтанаттуу эскерүү күнү белгиленди. 

       Аталган иш-чарага Ош шаардык Кеңешинин  төрагасынын коомдук башталгычтагы орун басары Шайиев Кушбак Искендерович, Ош шаарынын вице-мэри Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Толтоев Эрнис Мукашбековичтер катышышты. 

      Кушбак Шайиев өз сөзүндө, Афганистандан  Советтик жоокерлерди чыгаруунун 34 жылдыгы менен Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Сатыгуловичтин жана депутаттардын атынан куттуктап, алардын Ооган согушунда көрсөткөн эрдигин, тайманбастыгын баса белгилөө менен бирге бакубат жашоо, ден соолук, иштерине ийгилик каалады.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)