Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » » Ош шаардык Кеңешинин аткарган иштери жөнүндө төрага Ж.Ормоновдун маалыматы

Ош шаардык Кеңешинин аткарган иштери жөнүндө төрага Ж.Ормоновдун маалыматы

10 март 2020, Вторник
2 129
0

Урматтуу депутаттар! Урматтуу бүгүнкү сессиянын катышуучулары!


Баарыңыздарга белгилүү болгондой 2016-жылы партиялык тизме менен Ош шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын депутаттары шайланып ишмердүүлүгүн баштаган. «КСДП», «Бир бол», «Мекеним Кыргызстан», «Республика–Ата-Журт», «Кыргызстан», «Өнүгүү прогресс» партияларынан жалпы 45 депутат шайланып, партиялык фракциялар түзүлгөн. Аталган  партиялык фракциялар коалицияларга биригишип,  «Мыйзам жана Ыйман» аталышындагы көпчүлүк коалициясын, ал эми «Кыргызстан», «Республика-Ата-Журт», «Өнүгүү прогресс» партияларынан шайланган депутаттар биргеликте, азчылык коалициясын түзгөн. 

Албетте эң биринчи биз Эл өкүлдөрү катары шаарыбыздын тургундарынын суроо-талаптары жана шаарды ар тараптан өнүктүрүү максатында тиешелүү аракеттерди жасоого 4 жыл бою колдон келишинче аракет кылдык. Мен жогорку деңгээлде деп, мактануудан алысмын. Бирок, ушул чакырылыштагы депутаттар аткаруу бийлиги менен биргеликте жакшы ийгиликтерге жетишкен көрсөткүчтөр байкалаарлык эле болду десем жаңылышпайм. Албетте бул төрт жыл аралыгында мамлекетибизде жана анын ичинде шаарыбызда болуп өткөн түрдүү саясий жана тарыхий окуяларга күбө болдук.

Негизинен шаардык Кеңеши бекитилген регламенттин жана тиешелүү мыйзамдардын чегинде эл мүдөөсүн аткарууда, шаарыбыздын экономикасын, социалдык абалын жакшыртууда жана ар тараптан өнүктүрүүгө багытталган иш аракеттерди аткарууга алууда колдон келген аракеттерди жасады. 

           Бүгүнкү күндө Ош шаардык Кеңешинин 6 туруктуу депутаттык комиссиялары тарабынан сунушталган маселелерге ылайык 26 жолу  шаардык кеңешинин сессиясы чакырылып, 227 токтом кабыл алынды. Алардын ичинен бекитилген регламентке ылайык, 18 жолу кезектеги, 4 жолу кезексиз жана 4 жолу сурамжылоо жолу менен өткөрүлдү.

Ар бир маселе, шаардык Кеңештин сессиясынын кароосуна чыгарылаардан мурда туруктуу депутаттык комиссиялардын отурумдарында каралды. Жогоруда кабыл алынган  227 токтомдун ичинен  5 токтом  толугу менен, ал эми 14 токтомдун  айрым пункттары  ар кандай себептерге байланыштуу аткарылбай калган.

Бул боюнча Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия 13 отурум (56 маселе), Бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия 41 (224 маселе), Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия 42 (182 маселе) отурум, Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия 24 (44 маселе) отурум, Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча 28 отурум (102 маселе), Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, Инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия 18 (22 маселе) отурум өткөргөн. Отурумдарда депутаттар жерине чыгуу менен каралган маселелерди талкуулашып, орун алган көйгөйлөрдү чечүү аракеттерин көрүштү.

Ар жылы Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин долбоору Ош шаарынын мэриясы тарабынан Ош шаардык Кеңешинин кароосуна берилген күндөн тартып, жергиликтүү бюджеттен каржылануучу шаардагы мекеме-уюмдардын келерки жылдагы бюджети алардын катышуусунда кызуу талкууланып, бюджетти эффективдүү жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча депутаттардын сунушу жана корутундулары бюджеттин долбооруна камтылып келүүдө. 

Ош шаардык Кеңешинин депутаттары тарабынан жергиликтүү бюджеттин ачык айкындуулугун камсыздоо максатында бюджеттик угууларды өткөрүү практикасы жолго коюлган. Бул бюджеттик коомдук угууларда шаардын коомчулугунун назарына шаардын бюджетинин долбоору сунушталып, бул иш-чараларда бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча шаардыктардын катышуусунда талкуулар жүрүп, сын сунуштарынын негизинде бюджеттин долбоору сессиянын кароосуна сунушталып келүүдө. 

2016-жылдагы бюджеттик коомдук угууда 37, 2017-жылы 46, 2018-жылдагы бюджетик коомдук угууларда катышуучулар тарабынан 48 суроо, 2019-жылдагы коомдук угууларда 50 ал эми 2020-жылдагы бюджеттик коомдук угууда 52 ооз эки жана жазуу түрүндө суроолор берилген. Коомчулук тарабынан берилген суроолор жалпыланып, Ош шаарынын мэриясына жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша бюджеттин долбооруна сунуштоо боюнча кат жолдонгон. Аталган суроолор боюнча Ош шаарынын мэриясынын жооптору Ош шаардык Кеңешинин сайтына жарыяланып турган.  

Бюджет кабыл алынгандан кийин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча ага  жооптуу Ош шаардык салык кызматынын жана Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын бул багытта аткарып жаткан жумуштары боюнча маалыматтары угулуп, бюджеттин киреше бөлүгүн камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды милдеттендирүү боюнча сессиянын токтомдору кабыл алынган. 

Жалпы эле Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө жылдын жарым жылдыгы жана жылдын жыйынтыктары боюнча Ош шаарынын мэринин отчету Ош шаардык Кеңешинин сессияларында угулуп жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында салык жана салык эмес жыйымдардын план тапшырмасын ашыгы менен аткаруу жана социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыздоо боюнча милдеттемелер жүктөлгөн. 

Жалпылап айтканда Ош шаарынын жергиликтүү бюджети 2016-жыл 1 034 759,0 миң сом, 2017-жыл 834 914,1 миң сом, 2018-жыл 940 186,0 миң сом, 2019-жыл 1  127 634,0 миң сом, 2020-жылы 1млрд 325 млн 670 миң сомго бекитилген. Шаардык Кеңеш тарабынан колдоого муктаж болгондорго материалдык жардам көрсөтүү боюнча иштер аткарылды. Жалпы шаардык Кеңешинин депутаттарынын сунуштары менен 33 млн 865 миң сом акча каражаты материалдык колдоо катары көрсөтүлдү. Бул багытта депутаттардын жеке демилгелери менен да бир катар социалдык, кайрымдуулук акциялары өткөрүлдү. 

Урматтуу депутаттар жана сессиянын катышуучулары! Ушул чакырылышта биз шаардык Кеңештин сессияларында эки жолу шаар мэринин шайлоосун өткөрүп, беш ирет мэрлердин отчеттук маалыматтарын угуп, дайындалган мэрге берилген милдеттемелерге ылайык алдыга койгон «Ош шаары – өнүккөн ордо калаа», «Ош шаарын 2016-2020-жылдарга өнүктүрүү планы», Ош шаарын 2019-2020-жылдарда «Туруктуу өнүгүүгө багыт» өнүктүрүү программаларын угуп, алардын аткарылуусун көзөмөлгө алдык.

Төрт жыл аралыгында шаардык Кеңешке бардыгы болуп 3913 кат келип түшкөн (2016-ж – 255, 2017-ж -1182, 2018-ж – 1212, 2019-ж – 1111, 2020-ж – 153). Келген бардык каттар мыйзам чегинде каралып, кат ээлерине тиешелүү жооптор берилди. Каттардын мазмунуна кайрылсак, шаардык мэриядан келген каттар негизинен шаардык Кеңештин сессиясынын кароосуна маселелерди сунуштоо жөнүндө, шаардын кызматтарынан келген каттар ар кандай муктаждыктар үчүн жергиликтүү бюджеттен кошумча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө, ал эми жарандардан келген каттар материалдык жардам берүү, социалдык коргоо, турак-жай жана жер участкалары боюнча.

Ишмердүүлүктүн жүрүшүндө Ош шаардык Кеңешинин төрагасы, төраганын орун басары, айлык акы алып иштеген туруктуу депутаттык комиссялардын төрагалары жана депутаттар ар кандай иш-чараларга, жолугушууларга, салтанаттарга, эл аралык форумдарга катышышты. Булардын бардыгы шаардык Кеңештин расмий сайтында жана жергиликтүү «Ош шамы» гезитинде чагылдырылып турду. Шаардык Кеңештин 2018-жылында ачылган расмий сайтында шаардык Кеңештин ишмердигин көрсөткөн 400 дөн ашуун материал чыгарылды. Ош шаардык Кеңешинин ишмердүүлүгү жана депутаттардын аткарып жаткан иш аракеттерин коомчулука жеткирүү максатында жергиликтүү массалык маалымдоо каражаттары аркылуу жалпы 14 ирет түз эфир өткөрүлдү.  Шайлоочулар менен  шаардык Кеңештин  байланышын жөнгө салуу жана күчөтүү максатында  ПРООН жана «Юз оф Ош»  коомдук уюму менен биргелешкен долбоорлордун негизинде,  шаардык  Кеңештин, туруктуу депутаттык комиссиялардын, депутаттык фракциялардын   түзүмдөрүн, курамдарын жана алардын жетекчилеринин даректерин, шаардык Кеңешке жана депутаттарга  кайрылуу жолдорун  чагылдырган 600даанадан  ашык брошюралар  даярдалып,   муниципалдык аймактык башкармалыктарга таркатылып берилди.

Шаардык Кеңештин ишмердигин  жакшыртуу багытында бир топ иштер аткарылды. Сессиялар өтүүчү залда  ар бир 45 депутат үчүн  персоналдык компьютерлер орнотулуп, жана микрофондор жаңыларга алмаштырылды. Сессияны алып барууда сөз берүү кезектери  жана  добуш берүү процесстери электрондук түргө өткөрүлдү.

Шаардык Кеңеш тарабынан Ош шаарын өнүктүрүүгө өз салымын кошкон жарандарды ар кандай белгилүү даталарга карата сыйлоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Ушул чакырылышта жалпы Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы менен 816 киши сыйланды.

 Ош шаарынын эң жогорку сыйлыгы – «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча маселелер шаардык Кеңештин сессияларында жабык добуш берүү менен каралып, жалпы 24 талапкердин ичинен 20 талапкер депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбүнүн добушун алышып, аларга шаардык Кеңештин токтому менен «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды.

Шаардык Кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү кеңештердин жана чет өлкөлөрдүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча иш тажрыйбасы менен таанышуу   иштери аткарылды. Шаардык Кеңештин төрагасы, депутаттык фракциялардын жетекчилери, депутаттар жана аппарат кызматкерлери Кытай Эл Республикасында, Россия Федерациясынын Санкт-Петербург, Новосибирск шаарларында, Турция, Греция мамлекеттеринде иш сапарларында болушту Кызматтык сапарларда алынган керектүү деп эсептелген алдыңкы иш тажрыйбалар азыркы учурда шаардык Кеңештин ишмердигинде практикаланууда.

Шаардык Кеңештин депутаттарынын жана аппарат кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлдү. «Жарандык платформа» коомдук бирикмеси, «Интербилим» коомдук бирикмеси, «Юнисеф» эл аралык уюму жана «Юз оф Ош» коомдук бирикмелери менен биргеликте түрдүү багыттагы долбоорлор ишке ашырылды.  Ал эми аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында түзүлгөн иш пландардын негизинде Кызы-Кыя жана Бишкек шаардык Кеңештери менен тажрыйба алмашуу менен шаарларды ар тараптан өнүктүрүү максатындагы пикир алмашуулар жүргүзүлдү. Шаардык Кеңештин депутаттары спорт жаатында да алгылыктуу аракеттерин көрсөтүшүп, республикабыздын аймагындагы шаардык Кеңештердин футбол боюнча курама командарларынын арасында өткөрүлгөн турнирлерге катышышып, кызматташуу көпүрөсүн бекемдөөгө жигердүү салымдарын кошушту. Алдыда аткарылуучу коомдук иш-аракеттерди жандандыруу максатында   “МЦ Интербилим” коомдук уюму менен биргеликте кол коюлган меморандумга ылайык тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлдү.

 Ушул эле багытта “Смайл кейжи” коомдук уюму менен кызматташуулар жүргүзүлүп, биргелешкен социалдык долбоорлор ишке ашырылды. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Мамлекеттик протокол департаменти Баткен, Жалал-Абад  жана Ош   облустарынын жана Ош шаарынын   мамлекеттик жана  жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн  эл аралык иш-чараларды даярдоо жана уюштуруу ошондой эле  Кыргыз Республикасынын  тышкы саясат чөйрөсүндө  Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик органдарынын  өз ара кызматташуусу  маселелери   боюнча  семинарлар өткөрүлүп, ага жаш эл өкүлдөрү жана аппарат кызматкерлери атайын окуудан өтүштү. 

Бул багытта шаарыбыздын инфраструктурасын жакшыртуу, социалдык, экономикалык багыттагы өзгөчө көйгөйлүү маселелер боюнча ар бир депутаттын сын сунуштары кабыл алынып, алардын ишке ашырылуусун көзөмөлдөө боюнча шаардык Кеңешинин аппараты тиешелүү аракеттерди колго алды.  Өткөн төрт жыл ичинде депутаттардан,  шайлоочулар тарабынан айтылган көйгөйлөрдү чечүү боюнча   84 кат түшүп, алар аткаруу үчүн Ош шаардык мэриясына жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында көптөгөн ички көчөлөр асфальтталды,  түнкү жарыктандыруу, таза суу жана канализация тартуу,  жана башка   иштери аткарылды.

Ош шаардык Кеңешинин 15 жооптуу кызматкерден турган Аппараты  – Ош шаардык Кеңешинин, анын Президиумунун, туруктуу депуттатык комиссияларынын, шаардык Кеңештин төрагасынын, анын орун басарынын укуктук, уюштуруучулук, документтик, аналитикалык, маалыматтык, финансылык, материалдык-техникалык жактан ишмердүүлүгүн камсыз кылуучу туруктуу жумушчу орган катары эмгектеништи. Өзүнүн ишмердүүлүгүндө  аппарат кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө ”  Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Ош шаардык Кеңешинин токтомдорун жана төраганын буйруктарын, шаардын жергиликтүү жамаатынын Уставын, шаардык Кеңештин Регламентин, жана атайын Жобону жетекчиликке алып, иш жүргүзүштү. 


          Урматтуу депутаттар! Биз  эл тарабынан шайланып,   эл өкүлү болуп келгенден кийин өзгөчө бүгүнкү күндөгү болуп жаткан жаңы көз караш, талап нормаларга ылайык бизге жүктөлгөн милдеттерге ылайык жоопкерчиликтүү мамиле жасоого аракет кылдык. Албетте иш үстүндө жакшы жаман сөздөр, кээ бир жетекчилерге карата катуу сын-пикирлер жана сунуштар айтылды. Бирок биз эл өкүлү болгондон кийин  жан күйгүзүп, биринчи кезекте элибиздин жана шаарыбыздын кызыкчылыгы үчүн аракет кылдык деп эсептейм.

 Мезгили келгенде биздин аткарган иштерибизге элибиз өз баасын берсин.   

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)