Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » » ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XXX СЕССИЯСЫ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XXX СЕССИЯСЫ

14 август 2020, Пятница
1 475
0


КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫ  КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ОШСКИЙ ГОРОДСКОЙ  КЕНЕШ



ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XXX СЕССИЯСЫ 

(IV   ЧАКЫРЫЛЫШ)


ТОКТОМ

(сурамжылоо жолу менен)

                                                                                                                              

Ош шаары                                                      № 236                            2020-жылдын 7-августу 



Ош шаарындагы кээ бир 

жер тилкелеринин фукционалдык

чөлкөмдөштүрүүсүн өзгөртүүгө

макулдук берүү жөнүндө



            Ош шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 17.06 №164/08-6, 07.07. №207/08-6,  №206/08-6, 27.07. №220/08-6, 28.07  №224/08-6, №223/08-6,  29.07   №228/08-6, Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2020-жылдын 5-августундагы №02-2052/3  каттарын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк,  экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2020-жылдын 6-августундагы №6 токтомун эске алуу менен, Ош шаардык Кеңеши


ТОКТОМ  КЫЛАТ: 


1.Ош шаарынын аймагындагы төмөндөгү жер тилкелери жайгашкан аймактардын функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн өзгөртүүгө, Ош шаарынын башкы планынын жана тиешелүү мыйзамдардын талаптарын аткаруу шарты менен, макулдук берилсин:

- А.Шакиров  көчөсүнүн №242”В” дарегиндеги жалпы аянты 3298,0 чарчы метр жер тилкеси жайгашкан аймактын функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн “Коомдук пайдалануудагы жашыл аймактардан” “Көп кабаттуу турак жайларга”;

- Ленин көчөсүнүн №784”Б”/24 дарегиндеги жалпы аянты 4034,0 чарчы метр жер тилкеси жайгашкан аймактын функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн “Коомдук пайдалануудагы жашыл аймактардан”  “Спорттук ден-соолукту чыңдоо жана оюн-зоок аймагына”;

- А.Шакиров көчөсүнүн №51 дарегиндеги жалпы аянты 2288,0 чарчы метр жер тилкелери жайгашкан аймактын чөлкөмдөштүрүүсүн “Коомдук пайдалануудагы жашыл аймактардан” “Көп кабаттуу турак жайларга”;

-Көкүм-Бий көчөсүнүн №100 “А” дарегиндеги жалпы аянты 2836,0 чарчы метр жер тилкеси жайгашкан аймактын функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн “Коомдук пайдалануудагы жашыл аймактардан” “Көп кабаттуу турак жайларга”;

-И.Монуев көчөсүнүн №65 дарегиндеги жалпы аянты 303,0 чарчы метр жер тилкеси жайгашкан аймактын функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн “Коомдук пайдалануудагы жашыл аймактардан” “Көп кабаттуу турак жайларга”;

-Перестройка көчөсүнүн №14 дарегиндеги жалпы аянты 2000,0 чарчы метр жер тилкеси жайгашкан аймактын функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн “Өндүрүш жана коммуналдык чарба ишканалардан” “Коомдук турак-жайлар курулуш аймагына”.

2. Маджеримтал көчөсүнүн №145-10Г дарегиндеги жалпы аянты 4212,13 чарчы метр жер тилкеси жайгашкан аймактын функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн “Коомдук пайдалануудагы жашыл аймактардан” “Көп кабаттуу турак жайларга” өзгөртүүгө, Ош шаарынын башкы планынын жана тиешелүү мыйзамдардын талаптарын аткаруу, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин “Кыргызреставрация” илимий изилдөө долбоорлоо институтунун корутундусун жана макулдугун алууну көзөмөлдөөнү Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) жана Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына милдеттендирүү  шарты менен, макулдук берилсин. 

3.Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) аталган жер тилкелеринин функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн өзгөртүүдө тиешелүү мыйзамдардын нормаларын сактоо менен иш алып баруу жана курулуштарга уруксат берүүдө шаар куруу түйүнүн эске алуу милдеттендирилсин.

4.Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына (А.Токошев) аталган жер тилкелеринин функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн өзгөртүүдө тиешелүү кызматтардын, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин  “Кыргызреставрация” илимий изилдөө долбоорлоо институтунун корутундусу жана макулдугу алынгандыгын көзөмөлдөө жана  Ош шаарынын Башкы планынын талаптарына ылайык иш алып баруу милдеттендирилсин.

5.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык  жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.





Ош шаардык Кеңешинин 

төрагасы                                                                                                                  Ж.Ормонов     













































Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)