Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » » ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)

01 ноябрь 2018, Четверг
4 434
0

                        

                                                                                                                                    


    Кыргыз Республикасы                                          Кыргызская Республика

                                         

Ош шаардык Кеңеши                                                   Ошский городской Кенеш                                          


ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫ

(IV ЧАКЫРЫЛЫШ)


Т О К Т О М


Ош шаары                                             № 138                              30-октябрь, 2018-жыл



Ош шаарындагы

жылуулук-энергетикалык

комплекс мекемелеринин

2018-2019-жылдарга карата

күз-кыш мезгилине даярдыгы

жөнүндө



Ош шаарындагы жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2018-2019-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө Ош шаарынын вице-мэри А.Топчубаевдин жана жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин жетекчилеринин маалыматтарын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 23-октябрындагы №12 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши


Т О К Т О М  К Ы Л А Т :


1. Ош шаарындагы жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2018-2019-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча Ош шаарынын вице-мэри А.Топчубаевдин жана жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин жетекчилеринин маалыматтары эске алынсын.


2. Ош шаардык мэриясына (Т.Сарыбашов):

Оштогу жылуулук электр борборуна (А.Аттокуров) мекемени жаратылыш газы жана мазут менен толук көлөмдө камсыздап жана жылуулук тармактарынын түтүктөрүн даярдоо боюнча иш алып баруу;

-«Жылуулуккамсыздоо» муниципалдык ишканасына (Б.Кадырбердиев) келишим аркылуу алып келинген көмүрдүн сапатына катуу көзөмөл жүргүзүү, отказандарды кезеги менен жаңылоону уюштуруу, социалдык мекемелерди жана калкка тийиштүү деңгээлде жулуулук берүүнү камсыздоо; 

-Ош шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгына (Э.Аралиев) көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөлөрүндөгү жылуулук түтүктөрүн аймактык кеңештер менен биргеликте өз убагында оңдоо иштерин жүргүзүү;




-Ош райондук электр тармактар ишканасына (Б.Токторбаев) капиталдык жана кезектеги оңдоо иш чараларын жүргүзүү, талапка жооп берген трансформатордук подстанцияларды орнотуу, трансформатордук подстанцияларды жетиштүү деңгээлде май менен камсыздоо, аба чубалгылары тартылган жерлерге жакын өскөн дарактардын бутактарын кестирүү;

-Шаардык билим берүү башкармалыгына (А.Асанов) шаардык саламаттык сактоо координатору (А.Шамшиев) мектептердин, балдар бакчалардын, шаардагы ооруканалардын жана алардын филиалдарынын ички жылытуу системаларын тийиштүү деңгээлде даярдоо, жетиштүү өлчөмдө көмүр менен өз учурунда камсыз кылуу боюнча иш алып баруу;

-Аймактык кеңештерде көмүр сатып алуу жайларын уюштуруу, кварталдык комитеттер, үй комитеттери жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына калк арасында кышка даярдык көрүү (отун, көмүр сатып алуу, эшик терезелерин жылуулоо ж.б.) боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн, көмүр отун даярдоо боюнча үзгүлтүксүз иш алып баруу;

-«Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун «Ошгаз» филиалына (Р. Тагаев) шаардын көчөлөрүндөгү газ түтүктөрүн алып өткөн жолдун боюндагы жерлерди калыбына келтирүү жана жылытуу мезгилинде керектөөчүлөрдү жаратылыш газы менен толук көлөмдө камсыз кылуу;

-Ош шаардык жол башкармалыгына (А. Жунусов), Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатына (А. Наватова), «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына (Т. Капаров) кыш мезгилинде жолдордогу кар күрөөчү атайын техникаларды, жол тайгактарына каршы себиле турган туз, кум жана башка инерттүү материалдарды жетиштүү өлчөмдө даярдоону камсыздоо тапшырылсын.


3.Бул токтомдун аткарылышы боюнча Ош шаардык мэриясы жана тиешелүү мекеме-ишканалар Ош шаардык Кеңешине жылуулук берүү мезгилинде ай сайын маалымат берип туруусу милдеттендирилсин.


4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б. Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А. Эргашева).


      5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Шоноев) жүктөлсүн. 




Ош шаардык Кеңешинин 

төрагасы                                                                                                                  Ж. Ормонов

                                                                                                          

                                                                                                          






            Кыргыз Республикасы                                           Кыргызская Республика

                       

   Ош шаардык Кеёеши                                      Ошский городской Кенеш 


ОЧЕРЕДНАЯ ХVI СЕССИЯ ОШСКОГО ГОРОДСКОГО  КЕНЕША     

(IV СОЗЫВ)


П О С Т А Н О В Л Е Н И Е


г.Ош                                                                   № 138                           от 30 октября 2018 года





О готовности учреждений 

тепло-энергетического комплекса 

города Ош к осенне-зимнему 

периоду 2018-2019 годов




            Заслушав и обсудив информацию вице-мэра города Ош А.Топчубаева и руководителей предприятий теплоэнергетического комплекса о готовности к осенне-зимнему периоду 2018-2019 гг. и принимая во внимание постановление постоянной депутатской комиссии Ошского городского Кенеша по вопросам транспорта, теплоэнергетического комплекса, муниципального хозяйства №12 от 23 октября 2018 года, а также мнения выступивших на сессии депутатов, Ошский городской Кенеш

ПОСТАНОВЛЯЕТ:


1.Принять к сведению информации вице-мэра города Ош А.Топчубаева и руководителей предприятий теплоэнергетического комплекса о готовности к осенне-зимнему периоду 2018-2019 годов.


2. Поручить мэрии города Ош (Т.Сарыбашов):

-Ошской ТЭЦ (А.Аттокуров) вести работу по обеспечению предприятия природным газом и мазутом в полном обьеме и подготовке отопительных систем;

-ОМП “Теплоснабжение” (Б.Кадырбердиев) осуществлять строгий контроль качества угля, приобретеннного по договору, организовать поэтапную модернизацию котельных, обеспечить подачу тепла социальным учреждениям и населению соответствующего уровня;

-МЖКУ (Э.Аралиев) совместно с территориальными советами своевременно провести ремонтные работы внутридомовых тепловых сетей многоэтажных домов;

-Ошской РЭС (Б.Токторбаев) провести мероприятия по капитальному и текущему ремонтам, установить трансформаторные подстанции достаточным количеством технического масла, произвести вырубку ветвей деревьев, растущих вблизи воздушных электролиний;

-городскому управлению образования (А.Асанов), координатору городского здравоохранения (А.Шамшиев) вести работу по подготовке внутренних отопительных систем школ, детских садов, лечебных учреждений города и их филиалов, обеспечить своевременную заготовку необходимого количества топлива;

-территориальным советам, квартальным комитетам, домовым комитетам и Жапалакскому территориальному управлению сёл вести разьяснительную работу среди населения по подготовке к зиме (приобретение твердого топлива, утепление окон и т.д.) и непрерывную работу по заготовке угля;

-Ошскому филиалу общества с ограниченной ответсвенностью “Газпром Кыргызстан” (Р.Тагаев) восстановить участки улиц города, разрушенных при проведении газопроводов и обеспечивать потребителей природным газом в полном обьеме в период отопительного сезона;

-Ошскому городскому управлению дорог (А.Жунусов), комбинату благоустройсва и зеленого хозяства (А.Наватова), специализированному муниципальному предприятию “Ош-Тазалык” (Т.Капаров) подготовить в достаточном количестве инертные материалы (песок,соль и другие) и специализированную снегоуборочную технику для очистки дорог в осенне-зимний период. 


3.Обязать мэрию города Ош и соответствующие предприятия и организации в период отопительного сезона ежемесячно предоставлять информацию в Ошский городской Кенеш о ходе исполнения данного постановления.


4.Постановление зарегистрировать в установленном законодательством порядке (Б.Астанакулов) и опубликовать в средствах массовой информации (Р.Эргашева).


5. Контроль исполнения настоящего постановления возложить на постоянную депутатскую комиссию по вопросам транспорта, теплоэнергетического комплекса, муниципального хозяйства и связи Ошского городского Кенеша (Б. Шоноев).




Председатель Ошского

городского Кенеша:                                                                                                 Ж. Ормонов


                                                                                                                                             


       


                                                                                                                                             


        Кыргыз Республикасы                                               Кыргызская Республика

         Ош шаардык Кеңеши                                                 Ошский городской Кенеш


ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ  XVI  СЕССИЯСЫ

(IV ЧАКЫРЫЛЫШ)


Т О К Т О М


Ош шаары                                                  №139                                30-октябрь, 2018-жыл



Ош шаарынын көчөлөрүндөгү 

автотыгындарды жоюу жана жол кыймылын 

иретке келтирүү боюнча Ош шаардык мэриясынын 

жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жүргүзүп 

жаткан иштери жөнүндө 



Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 13-мартындагы кезектеги XII сессиясында кабыл алынган №108 токтомунун аткарылышы боюнча Ош шаарынын көчөлөрүндөгү автотыгындарды жоюу жана жол кыймылын иретке келтирүү боюнча Ош шаардык мэриясынын жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Ош шаарынын вице-мэри Ж.Азимовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2018-жылдын 25-сентябрындагы №10 токтомун, ошондой эле сессияда сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши


Т О К Т О М    К Ы Л А Т :


1. Ош шаарынын көчөлөрүндөгү автотыгындарды жоюу жана жол кыймылын иретке келтирүү боюнча Ош шаардык мэриясынын жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Ош шаарынын вице-мэри Ж.Азимовдун маалыматы эске алынсын.


2. Ош шаардык мэриясына (Т.Сарыбашов):

-Ош шаарынын  көчөлөрүндөгү баш-аламан соода түйүндөрүн, жол боюндагы мыйзамсыз курулуштарды, көрнөк-жарнактарды, аялдамаларды, иретке келтирүүнү такай көзөмөлгө алуу;

- Ош шаарын айланып өтүүчү жолдордун (Бишкек-Ош жолунун Ош шаарынын түндүк-батыш айлампа жолу жана Ош шаарынын түштүк-чыгыш айлампа жолу) курулушун тездетүү жагын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суроо;

-Шаардагы жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген айдоочулардын жүргүнчүлөргө болгон мамилесин жана тейлөө маданиятын жакшыртуу максатында тиешелүү кызматтардын айдоочулар менен түшүндүрүү иштерди алып баруусун күчөтүүнү камсыздоо милдеттендирилсин.








3. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө (Ш.Шакиров):

-Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте шаарда ар түрдүү рейддерди өткөрүү, аймактык кеңештерде тегерек стол, жолугушууларды уюштуруу жана мектеп окуучулары арасында жол коопсуздугунун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

-Ош шаарына кирип-чыгып жаткан облустар, райондор аралык каттамдарды тейлеп жаткан маршруттук каттамдардын, жеке менчик таксилердин айдоочулары тарабынан жол кыймылынын эрежелерин жана маршруттук схемаларын так аткарууну көзөмөлдөө милдеттендирилсин.


4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).


5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б. Шоноев) жүктөлсүн.




Ош шаардык 

Кеңешинин төрагасы                                                                                            Ж.Ормонов 











              Кыргыз Республикасы                           Кыргызская Республика

                       

       Ош шаардык Кеёеши                  Ошский городской Кенеш


ОЧЕРЕДНАЯ ХVI СЕССИЯ ОШСКОГО ГОРОДСКОГО  КЕНЕША     

(IV СОЗЫВ)


П О С Т А Н О В Л Е Н И Е


г.Ош                                                                   №139                           от 30 октября 2018 года





О работе мэрии и соответствующих

служб  по недопущению автомобильных

пробок и наведению порядка на дорогах

города Ош




            Заслушав и обсудив информацию вице мэра города Ош Ж.Азимова о работе мэрии и соответствующих служб по недопущению автомобильных пробок и наведению порядка на дорогах города Ош, принимая во внимание постановление постоянной депутатской комиссии Ошского городского Кенеша по вопросам транспорта, теплоэнергетического комплекса, муниципального хозяйства и связи №10 от 25 сентября 2018 года, а также предложения депутатов, высказанных в ходе сессии, Ошский городской Кенеш


ПОСТАНОВЛЯЕТ:


1. Принять во внимание информацию вице мэра города Ош Ж.Азимова о работе мэрии и соответствующих служб по недопущению автомобильных пробок и наведению порядка на дорогах города Ош.


2. Мэрии города Ош (Т.Сарыбашов):

- принимать меры и взять на постоянный контроль стихийную торговлю, незаконные строительства на дорогах и на тротуарах, а также проводить постоянную работу по наведению порядка на остановках города;

- просить Правительство Кыргызской Республики ускорить строительство кольцевых дорог города Ош (Юго-Западная и Юго-Восточная кольцевая дорога);

- провести вместе с соответствующими службами профилактические и разъяснительные работы среди водителей общественного транспорта по соблюдению правил перевозки пассажиров. 


3.Отделу обеспечения безопасности дорожного движения по УВД города Ош (Ш.Шакиров):

            - провести специальные рейды, профилактические мероприятия, разъяснительные работы и круглые столы с участием служб массовой информации в школах, территориальных советах по соблюдению правил дорожного движения;

            - взять на особый контроль соблюдение правил дорожного движение частными извозчиками (такси) и движение межобластных и межрайонных маршрутных такси на соответствие схемы движения.


4.Постановление зарегистрировать в установленном законодательством порядке (Б.Астанакулов) и опубликовать в средствах массовой информации (Р.Эргашева).


5. Контроль исполнения настоящего постановления возложить на постоянную депутатскую комиссию по вопросам транспорта, теплоэнергетического комплекса, муниципального хозяйства и связи Ошского городского Кенеша (Б. Шоноев).





Председатель Ошского

городского Кенеша:                                                                                               Ж. Ормонов





               

       Кыргыз  Республикасы                                                   Кыргызская  Республика

                       

      Ош шаардык  Кеңеши                                                  Ошский городской  Кенеш 

             



ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫ

 (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)


Т  О   К  Т  О  М


Ош шаары                                                № 140                          30-октябрь,   2018-жыл  


Ош шаарынын мэриясынын

муниципалдык менчик

башкармалыгы тарабынан

муниципалдык мүлктү каттоо,

эффективдүү пайдалануу, сактоо

багытында аткарып жаткан

иштери жөнүндө.




            Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы А.Семетеевдин сессияга   катышпагандыгына байланыштуу, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши


ТОКТОМ КЫЛАТ:


  1. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан муниципалдык мүлктү каттоо, эффективдүү пайдалануу, сактоо багытында аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маселе Ош шаардык Кеңешинин кийинки сессиясынын кароосуна  калтырылсын. 

2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.



Ош шаардык

Кеңешинин төрагасы                                                                                    Ж.Ормонов














                 Кыргыз   Республикасы                                                Кыргызская Республика

                       

                  Ош шаардык  Кеңеши                                                 Ошский городской  Кенеш 

             



ОЧЕРЕДНАЯ  XVI СЕССИЯ ОШСКОГО ГОРОДСКОГО КЕНЕША

 (IV СОЗЫВ)


П О С Т А Н О В Л Е Н И Е


г.Ош                                                               № 140                          от 30 октября  2018 года  



О проводимой работе управлением 

муниципальной собственности

мэрии города Ош по регистрации,

эффективного использования и

обеспечению сохранности

 муниципального имущества 




            В связи с отсутствием на сессии начальника управления муниципальной собственности мэрии города Ош А.Семетеева, принимая во внимание предложения  депутатов,   выступивших на сессии, Ошский городской Кенеш


ПОСТАНОВЛЯЕТ:


1.Вопрос о проводимой работе управлением муниципальной собственности мэрии города Ош по регистрации, эффективного использования и обеспечению сохранности муниципального имущества перенести на рассмотрение следующей сессии Ошского городского Кенеша. 

2.Постановление зарегистрировать в установленном законодательством порядке (Б.Астанакулов) и опубликовать в средствах массовой информации (А.Эргашева). 

3.Контроль исполнения настоящего постановления возложить на постоянную депутатскую комиссию Ошского городского Кенеша по вопросам архитектуры, строительства, муниципальной собственности, имущества, земли, экологии, аграрии и чрезвычайных ситуации (Н.Рашев).



Председатель Ошского 

городского Кенеша                                                                                              Ж.Ормонов








КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫ                                                              КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ                                                          ОШСКИЙГОРОДСКОЙ  КЕНЕШ

            


ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XVI  СЕССИЯСЫ

(IV чакырылыш)

Т О К Т О М

Ош шаары                                                   № 141                                30-октябрь 2018-жыл




 Ош шаарында  муниципалдык

 аймактык башкармалыктарды

 түзүүгө макулдук берүү

 жөнүндө       



         Ош шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 14-сентябрындагы №658/08-13 Ош шаарындагы аймактык кенештердин базасында муниципалдык аймактык башкармалыктарды  түзүүгө макулдук сураган катын карап жана  талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция  маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 21-сентябрындагы №1-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык  Кенеши


                                              Т О К Т О М   К Ы Л А Т :


1.Ош шаарында   муниципалдык аймактык башкармалыктарды   түзүүгө макулдук  берилсин.


2.Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) муниципалдык аймактык башкармалыктарды түзүүдө мыйзам чегинде иш алып баруу тапшырылсын.


3.  Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).


4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кенешинин жергиликтүү өз алдынча   башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Каримбеков) жүктөлсүн.



Ош шаардык Кеңешинин

төрагасы                                                                                                     Ж.Ормонов




КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫ                                         КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА

ОШ  ШААРДЫК  КЕЁЕШИ                                     ОШСКИЙ  ГОРОДСКОЙ  КЕНЕШ


            


ОЧЕРЕДНАЯ   XVI  СЕССИЯ   ОШСКОГО ГОРОДСКОГО КЕНЕША

(IV созыв)

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

г.Ош                                                                   № 141                                      30 октября  2018 г





О даче согласия на создание

муниципальных территориальных

управлений 





          Рассмотрев и обсудив  письмо  мэрии города Ош №658/08-13 от 14 сентября 2018 года о даче согласия на создание муниципальных территориальных управлений на базе территориальных советов города Ош, принимая  во внимание постановление постоянной  депутатской комиссии  Ошского городского Кенеша по вопросам местного самоуправления, инвестиции, предпринимательства, внешнеэкономической связи, поддержки малого и среднего бизнеса и миграции №1 от 21.09.2018 года и мнения  выступивших на сессии депутатов, Ошский городской Кенеш


ПОСТАНОВЛЯЕТ:


1. Дать согласие на создание муниципальных территориальных  управлений в городе Ош. 


2. Поручить мэрии города Ош (Т.Сарыбашов) при создании  муниципального территориального управления вести работу в соответствии с действующим законодательством.


3. Постановление зарегистрировать в установленном законом порядке (Б.Астанакулов) и опубликовать   в средствах массовой информации (А.Эргашева).


4. Контроль исполнения постановления возложить на постоянную депутатскую комиссию Ошского городского Кенеша по вопросам местного самоуправления, инвестициии, предпринимательства, внешнеэкономической связи, поддержке малого и  среднего  бизнеса и миграции ( А.Каримбеков)




Председатель Ошского

Городского Кенеша                                                                                               Ж.Ормонов










       Кыргыз  Республикасы                                                 Кыргызская  Республика

                       

      Ош шаардык  Кеңеши                                                  Ошский городской  Кенеш 

             


ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫ

 (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)


Т   О  К  Т   О  М


Ош шаары                                             № 142                              30-октябрь, 2018-жыл  


Депутаттардын Ош шаардык

Кеңешинин 2007-жылдын

15-февралындагы №203 токтому

менен бекитилген «Ош шаарынын

Ардактуу атуулу жөнүндө»

Жобого өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду

киргизүү жөнүндө 



Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2018-жылдын 19-октябрындагы №28 токтомун карап жана талкуулап,   «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү» мыйзамынын 10-беренесине ылайык, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши 


ТОКТОМ КЫЛАТ:


1.Депутаттардын Ош шаардык КеҢешинин 2007-жылдын 15-февралындагы №203 токтому менен бекитилген «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» Жобого өзгөртүү киргизүү жана аны сессиянын кароосуна сунуштоо боюнча Ош шаардык Кеңешинин депутаттык фракцияларынын өкүлдөрүнүн курамынан турган  жумушчу комиссия түзүлсүн.

2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.



Ош шаардык

Кеңешинин төрагасы                                                                              Ж.Ормонов
















       Кыргыз  Республикасы                                                 Кыргызская  Республика

                       

      Ош шаардык  Кенеши                                                  Ошский городской  Кенеш 

             


ОЧЕРЕДНАЯ  XVI СЕССИЯ ОШСКОГО ГОРОДСКОГО КЕНЕША

 (IV СОЗЫВ)


П О С Т А Н О В Л Е Н И Е


г.Ош                                                               № 142                          от 30 октября  2018 года  


О внесении изменений и

дополнений в Положение

«О Почетном гражданине

города Ош» утвержденной

постановлением  Ошского

городского Кенеша депутатов

№203 от 15 февраля 2007 года 




Рассмотрев и обсудив постановление постоянной депутатской комиссии Ошского городского Кенеша по вопросам архитектуры, строительства, муниципальной собственности, имущества, аграрии, экологии и чрезвычайных ситуаций №28 от 19 октября 2018 года, согласно статье 10 Закона Кыргызской Республики «О статусе депутатов местных Кенешей», принимая во внимание мнения и предложения депутатов,  выступивших на сессии, Ошский городской Кенеш



ПОСТАНОВЛЯЕТ:


1.Создать рабочую комиссию, состоящей из представителей депутатских фракций Ошского городского Кенеша, для внесения изменений и дополнений в Положение «О Почетном гражданине города Ош», утверждҢнного постановлением Ошского городского Кенеша депутатов №203 от 15 февраля 2007 года, с последующим внесением на рассмотрение сессии.

2.Постановление зарегистрировать в установленном законодательством порядке (Б.Астанакулов) и опубликовать в средствах массовой информации (А.Эргашева). 

3.Контроль исполнения постановления возложить на постоянную депутатскую комиссию Ошского городского Кенеша по вопросам архитектуры, строительства, муниципальной собственности, имущества, экологии, аграрии и чрезвычайных ситуации (Н.Рашев).



Председатель Ошского 

городского Кенеша                                                                                                Ж.Ормонов





Кыргыз  Республикасы                      Кыргызская  Республика

  Ош шаардык  Кеңеши             Ошский городской  Кенеш                                                                                              


ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫ

(IV ЧАКЫРЫЛЫШ)


Т О К Т О М


Ош шаары                                                  №143                                     30-октябрь, 2018-жыл




Бюджеттик акча 

каражаттарды бөлүп

берүү жөнүндө



Ош шаарынын мэриясынын, атуулдардын жана мекеме-уюмдардын жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылууларын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин  бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 19-сентябрындагы отурумунун №21, 2018-жылдын 19-октябрындагы №22 жана 2018-жылдын 30-октябрындагы №25 токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып,  Ош шаардык Кеңеши


Т О К Т О М  К Ы Л А Т : 


1.Республикалык бюджеттен 2018-жылга сатуудан алынуучу салыктын эсебинен Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн жоготууларына   компенсация түрүндө берилген 25 000,0 (жыйырма беш миллион) миң сом акча каражаты Ош шаарынын 2018-жылга бекитилген   жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө кабыл алынсын.

2.Республикалык бюджеттен 2018-жылга сатуудан алынуучу салыктын эсебинен Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн жоготууларына берилген компенсациянын, Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2018-жылдын 6 жана 9-айларынын жыйынтыктары менен ашыкча аткарылуусунун, ошондой эле Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын 1-январына карата калдыгынын жана Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын аппаратын кармоого каралган акча каражатынын үнөмдөлгөн бөлүгүнүн эсебинен тиркемеге ылайык акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).

3.Ош шаарынын мэриясына: «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын 2018-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгүнө 5 000,0 миң сом акча каражатынын каржы булагын таап, каржылоо жагы тапшырылсын. 

4.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин  бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.


Ош шаардык Кеңешинин 

төрагасы                                                                                                       Ж.Ормонов




Ош шаардык Кеңешинин

2018-жылдын 30-октябрындагы  кезектеги   XVI  сессиясынын 

№143 токтомуна  тиркеме



Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 19-сентябрындагы отурумунун №21 токтомуна ылайык бөлүнүүчү акча  каражаттар:


1.Республикалык  бюджеттен   2018-жылга сатуудан алынуучу салыктын эсебинен Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине компенсация түрүндө берилген 25 000,0 миң сом акча каражатынын эсебинен: 

Ош шаардык жолдор башкармалыгы аркылуу:

-4 755 500 сом акча каражатын Кулатов кичи районундагы №6, 8-үйлөрдүн  алдыларын асфальтоого, жашылдандырылуучу аянттарын тосууга жана тротуарларына брусчатка басууга;

-4 000,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын жолдорунун чуңкурларынын жамоо иштерине;

-2 529 990 сом акча каражатын шаардагы светофорлордун техникалык тейлөө жана оңдоо иштерине;

-500,0 миң сом акча каражаты видео байкоо системасын техникалык тейлөө иштерине.

Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу:

-1 308 200 сом акча каражатын Кулатов кичи районунун №6,8-үйлөрүнүн алдыларына балдар аянтчаларын курууга;

-78 610 сом акча каражатын Кулатов кичи районунун №6,8-үйлөрүнүн алдыларын түнкү жарыктандырууга;

-4 527 700 сом акча каражатын Ак-Тилек кичи районундагы Кытай Эл Республикасы тарабынан курулуп жаткан оорукананын айланасын тосууга; 

-7 000,0 миң сом акча каражатын Токтогул эс алуу багынын тротуарларына брусчатка басууга.

Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты муниципалдык ишканасы аркылуу:

-300,0 миң сом акча каражатын Кулатов кичи районунун №6,8-үйлөрүнүн алдыларын жашылдандырууга.

2.Жергиликтүү бюджеттин 2018-жылдын 1-январына калган калдыгынын эсебинен:

-36,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык борбордук китепканасынын шаардагы китепкана тармагында электрондук китепкана түзүү үчүн;

-100,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу Кыргыз почтасы мамлекеттик ишканасынын Ош почтамт филиалынын Жапалак почта байланыш бөлүмүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүгө;

-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык билим берүү башкармалыгы аркылуу Ош шаарындагы №41 Х.Абдуллаев атындагы мектебинин 30 жылдык мааракесине байланыштуу материалдык-техникалык абалын чыңдоого;

-50,0 миң сом акча каражатын Ош шаарында аймактарды өнүктүрүү жылына карата видео ролик тартууга. 


Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 19-октябрындагы отурумунун №22 токтомуна ылайык бөлүнүүчү акча  каражаттар:


1.Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2018-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен ашыкча аткарылуусунун эсебинен:

-429 636 сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинин иш-чараларына.





2.Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен ашыкча аткарылуусунун эсебинен:

-1 000,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын эски административдик имаратынын жылуулук системасын алмаштырууга; 

-1 000,0 миң сом акча каражаты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Ош шаары жана Ош областы боюнча башкармалыгынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга;

-2 000,0 миң   сом акча каражаты Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу, Ош шаарындагы Арек айылындагы ФАПтын курулуш иштерине;

-8 000,0 миң   сом акча каражаты  «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө.

           

3.Жергиликтүү бюджеттин 2018-жылдын 1-январына калган калдыгынын эсебинен:

-108,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык билим берүү башкармалыгы аркылуу,  Ош шаарындагы №14 К.Алтыбаев атындагы орто мектебине 40 парта 80 стул алууга;

-30,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы аркылуу Ош шаарынын Крылов көчөсүнүн №50 үйүнүн жашоочусу Х.Мусаевага, Крылов көчөсүнүн №56 үйүнүн жашоочусу М.Туракуловага жана Фурманов көчөсүнүн №49 үйүнүн жашоочусу Д.Халматовага 10,0 миң сомдон материалдык жактан жардам берүү үчүн.



Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 30-октябрындагы отурумунун №25 токтомуна ылайык бөлүнүүчү акча  каражаттар:


1.Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын аппаратын кармоого каралган акча каражатынын үнөмдөлгөн бөлүгүнүн эсебинен 700,0 миң сом акча каражатын Республикалык деңгээлде Ош шаарында уюштурулган улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чараларды өткөрүү үчүн.




Ош шаардык Кеңешинин

аппарат жетекчиси                                                                            С.Маматалиева 




Кыргыз   Республикасы                             Кыргызская Республика                            

                               

        Ош шаардык  Кеёеши                              Ошский городской  Кенеш  

                                                                                    

ОЧЕРЕДНАЯ XVI СЕССИЯ  ОШСКОГО ГОРОДСКОГО  КЕНЕША   

(IV  созыв)


П О С Т А Н О В Л Е Н И Е


г. Ош                                                              №143                                 от 30 октября 2018 года



О  выделении

бюджетных средств





Рассмотрев и обсудив обращения мэрии города Ош, граждан, предприятий и организаций о выделении дополнительных денежных средств из местного бюджета, учитывая  постановления постоянной депутатской комиссии Ошского городского Кенеша по вопросам бюджета, экономики и промышленности  №21 от 19 сентября 2018 года,  №22 от 19 октября 2018 года и №25 от 30 октября 2018 года, а также  мнения выступивших на сессии депутатов, Ошский городской Кенеш

ПОСТАНОВЛЯЕТ:


1.Принять в доходную часть утвержденного местного бюджета города Ош  на   2018 год 25 000,0 тыс. сомов переданных из республиканского бюджета в виде  компенсации   потерь доходной части местного бюджета за счет налога с продаж  2018 года.


2. Дать согласие на выделение денежных средств переданных из   республиканского  бюджета в виде компенсации  для покрытия потерь доходной части местного бюджета за счет налога с продаж города Ош на 2018 год, за счет перевыполнения доходной части местного бюджета по итогам 6 и 9 месяцев 2018 года, а также за счет остатков средств местного бюджета на 1 января 2018 года и за счет сэкономленных средств, предусмотренных на содержание аппарата Ошского городского управления труда и социального развития,  согласно приложению (приложение прилагается).

3.Поручить мэрии города Ош изыскать источники финансирования 5 000,0 тыс. сомов и финансировать расходную часть муниципального предприятия «Ошский комбинат благоустройства и зеленного хозяйства».


  4.Данное постановление зарегистрировать в установленном законом порядке (Б.Астанакулов) и опубликовать в  средствах массовой информации (А.Эргашева).


5.Контроль исполнения настоящего постановления возложить на постоянную депутатскую комиссию Ошского городского Кенеша по вопросам бюджета, экономики и промышленности (А.Батыров).



Председатель Ошского

городского Кенеша:             Ж.Ормонов

  Приложение 

  к постановлению очередной  

XVI сессии Ошского 

  городского   Кенеша  

№143 от 30.10.2018                                                                                                                                                                      




Выделяемые денежные средства согласно постановлению заседания  постоянной депутатской комиссии по вопросам бюджета, экономики и промышленности 

№21 от 19.09.2018 года


1.За счет 25 000,0 тыс. сомов, переданных в виде компенсаций из республиканского бюджета к потерям доходной части местного бюджета от налога с продаж  на 2018 год:

Через Управление городских дорог города Ош:  

- 4 755 500 сомов для асфальтирования дворов, для ограждений зеленных насаждений и мощений брусчаткой тротуаров домов №6,8 мкр. Кулатова;

- 4 000,0 тыс. сомов для работ по  ямочному ремонту улиц города Ош;

- 2 529 990  сомов для ремонтных работ и по техническому обслуживанию светофоров города Ош;

- 500,0 тыс. сомов для технического обслуживания систем видеонаблюдения; 


Через Управление капитального строительства города Ош:  

- 1 308 200 сомов для строительства детских площадок при домах №6,8 мкр. Кулатова;    

- 78 610 сомов для освещения дворов домов №6,8 мкр. Кулатова;

- 4 527 700 сомов для ограждения территории больницы в мкр. Ак-Тилек строящейся Китайской Народной Республикой;

-7000,0 тыс. сомов для мощения брусчаткой тротуаров парка им. Токтогула.


Через муниципальное предприятие «Ошский комбинат благоустройства и зеленного хозяйства»:

-300,0 тыс. сомов для озеленения дворов домов №6,8, мкр.Кулатова;


2. За счет остатков средств местного бюджета на 1 января 2018 года:

-36,0 тыс. сомов для организации электронной библиотеки в системе городских библиотек Ошской городской центральной библиотеки;

-100,0 тыс. сомов для ремонта отделения   Жапалакской почты филиала «Ошпочтамт» государственного предприятия «Кыргыз почтасы»;

- 10,0 тыс. сомов для укрепления материально-технической базы школы №41 им. Х.Абдуллаева в связи с 30 летним юбилеем школы,   через Ошское управление образования;

- 50,0 тыс. сомов для съемки видеоролика в год развития регионов в городе Ош;



Выделяемые денежные средства, согласно  постановлению заседания  постоянной депутатской комиссии по вопросам бюджета, экономики и промышленности 

№ 22 от 19.10.2018 года.


1.За счет перевыполнения доходной части местного бюджета по итогам 6 месяцев 2018 года:

- 429 636 сомов для мероприятий комитета по делам молодежи мэрии города Ош.


2.За счет перевыполнение доходной части местного бюджета по итогам 9 месяцев 2018 года:

- 1000,0 тыс. сомов для замены отопительной системы старого административного здания Управления внутренних дел г.Ош;

- 1000,0 тыс. сомов для улучшения материально-технической базы Управления государственного комитета национальной безопасности по городу Ош и Ошской области;

- 2 000,0 тыс. сомов для строительства ФАП в селе Арек, через Управление капитального строителства г.Ош;

- 8 000,0 тыс. сомов для расходной части бюджета муниципального предприятия «Ошский комбинат благоустройства и зеленного хозяйства».




3. За счет остатков средств местного бюджета на 1 января 2018 года:

- 108,0 тыс. сомов для приобретения 40 парт, 80 стульев школе им. К.Алтыбаева через Управление образования города Ош;

- 30,0 тыс. сомов для оказания материальной помощи по 10,0 тыс. сомов: жителю дома №50 ул. Крылова, Х.Мусаевой,  жителю дома №56 ул. Крылова М.Туракуловой и жителю дома №49 ул. Фурманова Д.Халматовой через Ошское городское управление труда и социального развития.




Выделяемые денежные средства, согласно  постановлению заседания  постоянной депутатской комиссии по вопросам бюджета, экономики и промышленности 

№ 25 от 30.10.2018 года



1.За счет сэкономленных средств, предусмотренных на содержание аппарата Ошского городского управления труда и социального развития, 700,0 тыс. сомов для проведения в городе Ош мероприятий, приуроченных к 90 летию великого писателя Ч.Айтматова, на республиканском масштабе.  




Руководитель аппарата Ошского 

городского Кенеша:                                                                                            С.Маматалиева 







                                                                                                                                                                                            

                                                                                                                                             


          Кыргыз Республикасы                                               Кыргызская Республика

            Ош шаардык Кеңеши                                                         Ошский городской Кенеш


ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ  XVI  СЕССИЯСЫ

(IV ЧАКЫРЫЛЫШ)

Т О К Т О М

Ош шаары                                                №144                               30-октябрь 2018-жыл



Ош шаарынын мэриясынын алдындагы 

 “Сулайман-Тоо” волейбол клубун түзүүгө 

макулдук берүү жөнүндө            


           Ош шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 17-октябрындагы №732/08-13 “Дархан” волейбол клубунун базасында Ош шаарынын мэриясынын алдындагы “Сулайман-Тоо” волейбол клубун түзүүгө макулдук сураган катын карап жана   талкуулап,  Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын  18-октябрындагы  №16-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык  Кенеши


                                              Т О К Т О М   К Ы Л А Т :


1. Ош шаарынын мэриясынын алдындагы “Сулайман-Тоо” волейбол клубун түзүүгө макулдук   берилсин.


2. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов)  “Сулайман-Тоо” волейбол клубун түзүүдө мыйзам чегинде иш алып баруу милдеттендирилсин жана волейбол клубун шаардын карамагына өткөрүп алуу боюнча курамына Ош шаардык Кеңешинин депутаттары А.Осмоновду жана С.Назылбековду киргизүү менен жумушчу комиссия түзүү сунушталсын.


3.  Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).


4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Раимбердиев) жүктөлсүн.



Ош шаардык Кеңешинин

төрагасы:                                                                                                                Ж.Ормонов








                                                                                                                 

Кыргыз   Республикасы                                         Кыргызская Республика

                       

Ош шаардык  Кеңеши                                                     Ошский городской  Кенеш 



ОЧЕРЕДНАЯ  XVI СЕССИЯ ОШСКОГО ГОРОДСКОГО КЕНЕША

 (IV СОЗЫВ)


П О С Т А Н О В Л Е Н И Е


г.Ош                                                    № 144                           от 30 октября 2018 года





О даче согласия на создание 

волейбольного клуба

“Сулайман-Тоо” 

при мэрии города Ош 




Рассмотрев  и обсудив письмо мэрии города Ош №732/08-13 от 17 октября 2018 года о даче согласия на создание волейбольного клуба “Сулайман-Тоо” при мэрии города Ош на базе волейбольного клуба “Дархан”, принимая во внимание постановление постоянной депутатской комиссии Ошского городского Кенеша по вопросам законности, правопорядка, депутатской этики, регламента, мандата и религии №16 от 18 октября   2018 года, а также предложения   депутатов, выступивших на сессии, Ошский городской Кенеш

                                                                                                    

ПОСТАНОВЛЯЕТ:


            1. Дать согласие на создание волейбольного клуба “Сулайман-Тоо” при мэрии города Ош.


            2. Обязать мэрию города Ош (Т.Сарыбашов)   при создании волейбольного клуба “Сулайман-Тоо” вести работу в рамках закона и предложить создать рабочую комиссию по принятию волейбольного клуба на баланс города, с включением в состав депутатов Ошского городского Кенеша А.Осмонова и С.Назылбекова.

         

     3.Постановление зарегистрировать в установленном законом порядке (Б.Астанакулов) и опубликовать в средствах массовой информации (А.Эргашева).


4. Контроль исполнения настоящего постановления возложить на постоянную депутатскую комиссию Ошского городского Кенеша по вопросам законности, правопорядка, депутатской этики, регламента, мандата и религии (Р.Раимбердиев).




Председатель Ошского

городского Кенеша                                                                                     Ж.Ормонов

                                                                                                                                 





Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)