Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » » ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXII СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ) ТОКТОМДОРУ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXII СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ) ТОКТОМДОРУ

08 октябрь 2019, Вторник
3 050
0



                                                КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫ                                   КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА
                                                ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ                               ОШСКИЙ ГОРОДСКОЙ  КЕНЕШ

                                                               ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXII СЕССИЯСЫ 
                                                                              (IV   ЧАКЫРЫЛЫШ)

                                                                                         ТОКТОМ
 
                          Ош шаары                                                   №197                      2019-жылдын 26-сентябры

2018-жылдын жыйынтыгы менен 
Ош шаарынын социалдык-экономикалык 
абалы жана 2018-жылга бекитилген 
жергиликтүү бюджетинин аткарылышы 
боюнча Ош шаарынын мэринин отчету 
жөнүндө

2018-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана 2018-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашовдун отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине ылайык жана Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 10-сентябрындагы отурумунун №19 токтомун, ошондой эле сессияда сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
                                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2018-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана 2018-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашовдун отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2.Ош шаарынын мэриясына: (Т.Сарыбашов) 
-отчетто көрсөтүлгөн жылдык көрсөткүчтөрдүн статистикалык тактыгын көзөмөлгө алуу;
-«Газпром Кыргызстан» жопкерчилиги чектелген коомуна Ош шаарынын аймагын толук көлөмдө газдаштырууда инвестиция көлөмүн көбөйтүү боюнча кайрылуу;  
-Ош шаарында мыйзамсыз сатылып кеткен балдар бакчаларын  муниципалдык менчикке кайтаруу боюнча мыйзамдуу иш-аракеттерди жүргүзүү;
-Ош шаарындагы мектептердин жана балдар бакчалардын жетекчилеринин аткарып жаткан иштеринин натыйжалуулугун карап чыгуу милдеттендирилсин.
3.Ош шаарынын 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын отчету бекитилсин (№1,№2 тиркемелер тиркелет).
4.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин 
төрагасы                                                                                                           Ж.Ормонов
_____________________________________________________________________
 



Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 26 - сентябрындагы кезектеги     XXII сессиясынын №197 токтомуна                        №1 тиркеме










Ош шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2018-жылдын аткарылышы боюнча маалымат






(миң сом)
Салыктар жана топтомдор2018-жылга бекитилген план2018-жылдын такталган планыАткарылганыАйырма (+,-)% аткаруу
1Киреше салыгы307 978,0307 978,0300 491,4-7 486,697,6
2Бирдиктүү декларация боюнча киреше салыгы

2 209,02 209,0

3Чакан ишкердик субьекттери үчүн бирдиктүү салык3 830,03 830,04 862,71 032,7127,0
4Милдеттүү патенттөө негизиндеги салык20 500,020 500,022 097,31 597,3107,8
5Ыктыярдуу патенттин негизинде салык152 500,0152 500,0170 157,717 657,7111,6
6Кыймылсыз мүлккө салык85 095,085 095,090 204,15 109,1106,0
7Кыймылдуу мүлккө салык (транспорт)36 000,036 000,041 300,95 300,9114,7
8Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы11 000,011 000,016 651,35 651,3151,4
9Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы730,0730,01 070,8340,8146,7
10Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы 33 000,033 000,036 815,13 815,1111,6
11Сатуудан салык152 120,0165 107,0161 423,4-3 683,697,8
12Башка салыктар жана топтомдор

1,51,5

13Жер казынасын пайдалануу  үчүн салык1 290,01 633,3794,7-838,648,7

Салыктык кирешелердин баары:804 043,0817 373,3848 079,930 706,6103,8

Салыктык эмес кирешелер55 900,055 900,055 830,6-69,499,9

Ижара акысы52 100,052 100,052 915,0815,0101,6
14Жерлердин ижарасы үчүн акы28 500,028 500,027 292,9-1 207,195,8
15Жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарасы үчүн акы1 300,01 300,01 858,4558,4143,0
16Муниципалдык менчиктеги жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижара акысы22 300,022 300,023 763,71 463,7106,6

Башка салыктык эмес кирешелер3 800,03 800,02 915,6-884,476,7
17Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым1 300,01 300,01 251,3-48,796,3
18Автотоктомолордон алынуу үчүн жыйым2 500,02 500,01 664,3-835,766,6

МСК кирешелери859 943,0873 273,3903 910,530 637,2103,5
19Жерлерди сатуудан түшкөн кирешелер

828,9828,9

20Башка салыктык эмес кирешелер

276,3276,3

21Сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү кызматтары үчүн акы 

1 047,11 047,1


Баары (атайын каражаттарсыз):859 943,0873 273,3906 062,832 789,5103,8
22Атайын каражаттар80 243,080 243,074 740,7-5 502,393,1

Баары (атайын каражаттар менен):940 186,0953 516,3980 803,527 287,2102,9

Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү каражаттар (баары)
301 442,9301 411,9-31,0100,0

Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү каражаттар (жылуулук камсыздоого субсидия)
200 000,0200 000,00,0100,0

Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү каражаттар (ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү)
442,9411,9-31,093,0

Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү каражаттар (киреше жоготууларына)
101 000,0101 000,00,0100,0

Жылдын башына калган калдыктар (атайын каражаттар менен)0,049 100,749 100,70,0100,0

Жалпы940 186,01 304 059,91 331 316,127 256,2102,1









Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси

К.Камчиев

















 



Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 26 - сентябрындагы кезектеги     XXII сессиясынын № 197 токтомуна                        №1 тиркеме













Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2018- жылдын 



 аткарылгандыгы боюнча маалымат 






    (миң сом)



Тармактардын аталышы2018-жылга бекитилген план2018-жылдын такталган планАткарылганыАйырма (+,-)%  аткарылышы



Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр155 280,8184 959,9172 685,4-12 274,593,4



анын ичинде атайын каражаттар485,7485,7221,0-264,745,5













Коргонуу7 284,87 284,84 181,2-3 103,657,4













Экономикалык маселелер80 920,8140 673,1140 199,1-474,099,7



анын ичинде атайын каражаттар200,0712,3622,9-89,487,4













Турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр256 587,9522 293,0516 757,3-5 535,798,9



анын ичинде атайын каражаттар3 197,93 211,11 487,9-1 723,246,3













Саламаттык сактоо0,06 123,36 123,30,00,0



анын ичинде атайын каражаттар


















Маданият жана спорт74 711,676 346,775 831,4-515,399,3



анын ичинде атайын каражаттар500,0500,0360,7-139,372,1













Билим берүү339 816,5343 078,3332 127,4-10 950,996,8



анын ичинде атайын каражаттар75 509,476 241,471 382,4-4 859,093,6













Социалдык коргоо25 583,623 300,822 346,8-954,095,9



анын ичинде атайын каражаттар350,0350,024,5-325,57,0













Баары:940 186,01 304 059,91 270 251,9-33 808,097,4



анын ичинде атайын каражаттар80 243,081 500,574 099,4-7 401,190,9























Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси

К.Камчиев









         КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫ               КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА

                                ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ                                              ОШСКИЙ ГОРОДСКОЙ  КЕНЕШ

                                                       ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXII СЕССИЯСЫ
                                                                        (IV  ЧАКЫРЫЛЫШ)

                                                                               ТОКТОМ
       
                     Ош шаары                                              № 198                              2019-жылдын 26-сентябры                                                                                                                                                           
2019-жылдын 6 айынын жыйынтыгы 
менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык
абалы жана бюджетинин аткарылышы боюнча
Ош шаарынын мэринин отчету
жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 6-пунктчасына, 44-беренесинин 8-пунктуна жана Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 281-беренесине ылайык, 2019-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылуусу боюнча Ош шаарынын мэри Т.Н.Сарыбашовдун отчетун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кенешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 10-сентябрындагы №20 токтомун, ошондой эле сессияда сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын эске алып, Ош шаардык Кенеши
                                                                ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2019-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэри Т.Н. Сарыбашовдун отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2.Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов):
-2019-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн план тапшырмасын ашыгы менен аткарылуусун камсыздоо;
-муниципалдык обьекттерди пайдалануудан түшүүчү кирешелердин толук көлөмдө жана өз убагында жергиликтүү бюджетке түшүүсүн көзөмөлдөө;
-өнөр-жай продукциясынын өндүрүү көлөмүн жогорулатуу;
-жергиликтүү өнөр-жай ишканаларды колдоо боюнча «Кыргыз-Орус» өнүктүрүү фонду менен тыгыз иш алып баруу;
-Ош шаардык капиталдык курулуш жана Ош шаардык жолдор башкармалыктарынын 2019-жылдагы титулдук баракчаларында каралган жумуштарды өз убагында аткарылуусун көзөмөлдөө;
-Ош шаарындагы мектептердин жана балдар бакчаларынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо;
-2019-жылдын жыйынтыгы менен аталган токтомдун аткарылышы боюнча шаардык Кеңешке маалымат берүү милдеттендирилсин жана №11 В.Терешкова атындагы жатак мектебинин аймагынан «Сапат» лицейине 49 жылга берилген жер тилкесин кайтаруу боюнча Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын катышуусунда комиссия түзүп, карап чыгуу сунушталсын.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б. Баймурат уулу) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Ош шаардык Кеңешинин
төрагасы                                                                                        Ж.Ормонов
_____________________________________________________________________ 

                       КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫ                                    КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА
                         ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ                                     ОШСКИЙ ГОРОДСКОЙ   КЕНЕШ

                                         ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXII СЕССИЯСЫ 
                                                           (IV   ЧАКЫРЫЛЫШ)

                                                                    ТОКТОМ
       
        Ош шаары                                                № 199                    2019-жылдын 26-сентябры  

Жылуулук-энергетикалык 
комплекс мекемелеринин 
2019-2020-жылдарга карата 
күз-кыш мезгилине даярдыгын 
кароо жөнүндө 

Жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2019-2020-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча Ош шаарынын вице-мэри А.Топчубаевдин жана жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин жетекчилеринин маалыматтарын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы №13 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып жана Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 104-беренесине ылайык,          Ош шаардык Кеңеши
                                                           Т О К Т О М  К Ы Л А Т :
1.Жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2019-2020-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча Ош шаарынын вице-мэри А.Топчубаевдин жана жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин жетекчилеринин маалыматтары эске алынсын.
2.Ош шаардык мэриясына (Т.Сарыбашов):
-Жылуулук-энергетикалык комплекс, билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин кышка болгон даярдыгын жана берилүүчү жылуулуктун сапатын көзөмөлдөө;
-Шаардагы жаңы конуштарды электр энергиясы менен камсыз кылуу иштерине көмөктөшүү;
-Электр чубалгыларын авариялык абалга алып келүүчү бак-дарактарды кыюу жана жер алдынан өткөн электр чубалгыларынын үстүнө эгилип калган бактарды жылдыруу;
-Калк арасында кышка даярдык көрүү боюнча отун, арзан баадагы жана сапаттуу көмүр камдоо, көп кабаттуу жана жеке үйлөрдүн эшик терезелерин жылуулоо, борборлоштурулган жылытуу системасына кошулуу багытында тийиштүү иш аракеттерди жүргүзүү;
-Шаарда айрым электр көмөк чордондору жеке менчиктеги жерлерде жайгашып, аларды тейлөө кыйынчылыктарды жаратып жаткан жерлерде, менчик ээлери менен мыйзамда каралган тартипте иш алып баруу милдеттендирилсин.
      3.Жылуулук электр борборуна (А.Аттокуров), «Жылуулуккамсыздоо» муниципалдык ишканасына (Б.Кадырбердиев) жаратылыш газын, мазутту, көмүр отунун толук көлөмдө камсыздоо жана жылуулук түтүктөрүн даярдоо, социалдык обьектилерди үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу;
-Ош шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгына (Э.Аралиев) көп кабаттуу үйлөрдүн жылуулук түтүктөрүн оңдоо, үйлөрдүн сырткы фасаддарын оңдоо-сырдоо боюнча муниципалдык аймактык  башкармалыктар менен  биргеликте иш алып баруу;
-Ош шаардык жолдор башкармалыгына (А.Жунусов), «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасына (Д.Токторбаев), «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына  (Н.Исмаилов) күз-кыш  мезгилине   атайын  техникаларды, инерттүү материалдарды жетиштүү өлчөмдө даярдоону  камсыздоо;
-Ош шаардык билим берүү башкармалыгына (А.Асанов), саламаттык сактоо мекемелерине (А.Шамшиев) күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштерин, бекитилген иш-чаралардын негизинде жүргүзүү тапшырылсын.  
      4.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана   массалык   маалымдоо  каражаттарына  жарыялансын   (С.Маматалиева).
       5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Шоноев) жүктөлсүн. 
Ош шаардык Кеңешинин 
төрагасы                                                                                                 Ж.Ормонов
__________________________________________________________________


                        КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫ                                          КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА
                         ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ                                            ОШСКИЙ ГОРОДСКОЙ КЕНЕШ

                                            ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ ХХII СЕССИЯСЫ
                                                                (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)

                                                                  Т   О  К  Т   О  М

         Ош шаары                                                № 200                    2019-жылдын 26-сентябры  

Ош   шаардык   саламаттык
сактоо мекемелеринин калкка 
көрсөтүп жаткан кызматынын 
натыйжалуулугу  жөнүндө

Ош   шаардык    саламаттык   сактоо мекемелеринин  калкка көрсөтүп жаткан кызматынын натыйжалуулугу жөнүндө Ош шаардык №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, Ош шаары боюнча саламаттыкты сактоо координатору А.Шамшиевдин  маалыматын   угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын  2019-жылдын           11-сентябрдагы №7 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып,  Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 104-беренесин жетекчилике алуу менен Ош шаардык Кеңеши
                                                             
                                                             ТОКТОМ   КЫЛАТ:
  1. Ош   шаардык   саламаттык    сактоо мекемелеринин  калкка  көрсөтүп
жаткан кызматынын натыйжалуулугу  жөнүндөгү  Ош шаардык №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, Ош шаары боюнча саламаттык сактоо координатору  А.Шамшиевдин  маалыматы эске алынсын.
  1. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов):
-№1 үй-бүлөлүк медицина борборунун №9, №5 филиалдарынын, балдардын ден-соолугун калыбына келтирүү  борборунун, Ош шаардык клиникалык ооруканын төрөт стационарынын башка багытта колдонулуп жаткан имараттарын жана шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык  көзөмөл борбору жайгашкан имаратты мыйзам чегинде муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүү; 
- тез жардам  автоунааларынын чакыруулар боюнча даректерге тез жетүүлөрүн жеңилдетүү үчүн шаардагы көчөлөрдүн түнкү жарыктандырылуусун, алардын аталыштары, үйлөрдүн номурлары так көрсөтүлүп жазылган тактайчалардын көз көрүнөө жерлерге илинүүсүн камсыз кылуу;  
-Ош облусу боюнча кызматтын иш-аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборундагы Байтемирова 53 базасында орун алган медициналык маалымат борборун Ош шаардык клиникалык оорукананын бошогон имаратына жылдыруу маселесин кыска мөөнөттүн  ичинде карап чыгуу;
-Ош шаардык №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун №4 филиалына    Ош шаардык клиникалык оорукананын Моминова 154 дарегинде жайгашкан терапия стационарынын 1-кабатын бөлүп берүү  боюнча иш алып баруу;
-Ош шаары боюнча саламаттык сактоо координаторун Ош облусунун баш ийүүсүнөн чыгарып, өз алдынча болуу жана Ош шаардык клиникалык ооруканын төрөт стационарына юридикалык жак статусун берүү маселелерин чечүү боюнча тиешелүү жогорку органдарга кайрылуу сунушталсын.
3.Ош шаардык №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, саламаттык сактоо боюнча координаторуна (А.Шамшиев):
-№1 үй-бүлөлүк медицина борборунун жана анын филиалдарынын материалдык-техникалык базаларын чыңдоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүү;
-Ош шаарындагы саламаттык сактоо мекемелеринде шаардыктардан тышкары башка райондордон келген бейтаптардын да даарыланып жаткандыгын негиздеп, республикалык бюджеттен кошумча акча каражатын кароо боюнча жогорку органдарга кайрылуу тапшырылсын.
4. Ош облусу боюнча кызматтын иш-аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна (С.Шерматова) шаардын аймагындагы калкка кызмат көрсөткөн мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринде санитардык-гигиеналык нормалардын сакталышы  боюнча тиешелүү мыйзамдардын талаптарына ылайык иш алып баруу милдеттендирилсин.
            5.  Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымдоо каражаттарына  жарыялансын (С. Маматалиева).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Осмонов)  жүктөлсүн.  
Ош шаардык 
Кеңешинин төрагасы                                                                            Ж.Ормонов
_______________________________________________________________________________________

                      КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫ                                       КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА
                       ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ                                          ОШСКИЙ ГОРОДСКОЙ  КЕНЕШ

                                      ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXII СЕССИЯСЫ 
                                                             (IV   ЧАКЫРЫЛЫШ)

                                                                      ТОКТОМ
Ош шаары                                                         №201                         2019-жылдын 26-сентябры  

Ош шаарынын мэриясынын
жол башкармалыгы тарабынан
аткарылып жаткан иштер
жөнүндө

            Ош шаарынын мэриясынын жол башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө аталган башкармалыктын башчысы А.Жунусовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15 жана 16–беренелерине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк,   экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 28-августундагы №40 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
                                                                 ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарынын мэриясынын жол башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө аталган башкармалыктын башчысы А.Жунусовдун маалыматы эске алынсын. 
2.Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов):
-Монуев жана Шакиров көчөлөрүнүн кесилишинде орнотулган жол чырагынын иштөө режими боюнча иликтөө жүргүзүп аны жөнгө салуу;
-Монуев көчөсүнөн Мадумаров көчөсүнө чейинки, Ош облустук оорукананын алдынан өтүүчү жолду, бир тараптуу кыймылды уюштуруу менен, жолду ачуу боюнча иш алып баруу;
-Ош шаарындагы ички жолдордун абалын көзөмөлгө алуу жана аларды оңдоо боюнча иш алып баруу;
-аялдамаларга жана айлампа жолдордун жанындагы аралчаларга жеке менчик таксилерди токтотууну жоюу, жолдорго жол белгилерин, жол чырактарын жана талап кылынган тиешелүү кесилиштерге жол чырагынын кошумча ячейкаларын орнотуу;
-Ош шаарынын борбордук аянтындагы, Сай-Бою көчөсүндөгү жол кыймылына коюлган чектөөлөрдү алуу жана коомдук тартипти иретке келтирүү; 
-массалык маалымат каражаттары аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндөгү роликтерди, телеберүүлөрдү чагылдырууну колго алуу тапшырылсын.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
     4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин 
төрагасы                                                                                                                     Ж.Ормонов
_____________________________________________________________________________

                     КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫ                                    КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА
                      ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ                                      ОШСКИЙ ГОРОДСКОЙ  КЕНЕШ
                      
                                      ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXII СЕССИЯСЫ 
                                                        (IV   ЧАКЫРЫЛЫШ)

                                                                      ТОКТОМ
  Ош шаары                                                          № 202                        2019-жылдын 26-сентябры  

Депутаттардын Ош шаардык 
Кеңешинин 2007-жылдын 10-августундагы 
«Ош шаарындагы курулуш жана жерди 
пайдалануу эрежелери жөнүндөгү» №248
 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 28-июнундагы  «Ош-Жибек» айыл чарба кооперативинин клубунун имаратын Ош шаарынын жергиликтүү маданият жана тарыхый эстеликтерди коргоо шарты боюнча түзүлгөн картасынын 39-пунктун тизмеден чыгаруу жөнүндөгү №208/08-6 катын карап жана талкуулап, аталган имараттын түп-тамырынан талкаланып тарыхый баалуулугу жоголгондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзамынын 27-беренесине, Ош шаардык Кеңешинин регламентинин 104-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча   туруктуу  депутаттык     комиссиясынын 2019-жылдын 3-июлундагы №39 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
                                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:
            
1.Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 10-августундагы «Ош шаарындагы курулуш жана жерди пайдалануу эрежелери жөнүндөгү» №248 токтомунун 29-беренеси менен бекитилген Ош шаарынын жергиликтүү маданият жана тарыхый эстеликтерди коргоо шарты боюнча түзүлгөн картага өзгөртүү киргизилип, 39-пункт менен көрсөтүлгөн «Ош-Жибек» айыл чарба кооперативинин клубунун имараты талкаланып жок болгондугуна байланыштуу тарыхый баалуулугу  «жоготулган» деп табылсын.
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Ош шаардык  Кеңешинин 
төрагасы                                                                                                                   Ж.Ормонов
_____________________________________________________________________________

                     КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫ                                    КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА
                       ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ                                      ОШСКИЙ ГОРОДСКОЙ  КЕНЕШ
                                   ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXII СЕССИЯСЫ 
                                                        (IV   ЧАКЫРЫЛЫШ)

                                                                    ТОКТОМ
                                                                                                                              
  Ош шаары                                                         №203                  2019-жылдын 26- сентябры  

Ош шаарынын айрым
аймактарынын функционалдык
чөлкөмдөштүрүүсүн өзгөртүү
жөнүндө

            Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 24-июнундагы “Ош шаарынын Г.Айтиев көчөсүнүн №4 дарегинде жайгашкан Ош Мамлекеттик Университетинин искусство факультетинин имаратын бузуу менен анын ордуна жаңы окуу корпусун куруу үчүн аталган аймактын функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн өзгөртүп берүү жөнүндөгү” №200/08-6, 2019-жылдын 23-сентябрындагы “Ош шаарынын Ташкент, Исанов көчөлөрү, Исанов тар көчөсү жана Як-Калик каналы менен чектешкен аймактын функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн өзгөртүү жөнүндөгү” №325/08-6, 2019-жылдын 12-сентябрындагы “Ош шаарынын Шакиров көчөсүнүн номуру жок дарегинде жайгашкан аймактын функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн өзгөртүү жөнүндөгү” №Т-616 каттарынын, Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министрлигинин “Кыргызреставрация” илим-изилдөө долбоорлоо институтунун корутундуларын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк,  экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 3-июлундагы №38, 2019-жылдын 24-сентябрындагы №45 токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
                                                                   ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарынын Г.Айтиев көчөсүнүн №4 дарегинде жайгашкан аймактын Ош шаарынын башкы планындагы “Коомдук пайдалануудагы жашыл аймактар” функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүнөн “Жогорку окуу жайлардын курулуштары” функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүнө  өзгөртүүгө мыйзам чегинде, тиешелүү жактардын оң корутундуларын алуу шарты менен, макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын Ташкент, Исанов көчөлөрү, Исанов тар көчөсү жана Як-Калик каналы менен чектешкен, жалпы аянты 2733,0 чарчы метр жер тилкесинин функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн «Спорттук жана ден-соолукту чыңдоо мекеме-ишканалардын аймагы» функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүнөн «Көп кабаттуу турак жайлар» функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүнө өзгөртүүгө мыйзам чегинде, мамлекеттик долборлоо институтунун жана башка тиешелүү жактардын оң корутундуларын алуу шарты менен, макулдук берилсин.
3.Ош шаарынын Шакиров көчөсүнүн номуру жок дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 1197,0 чарчы метр жер тилкесинин функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн «Коомдук пайдалануудагы жашыл аймактар» функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүнөн «Көп кабаттуу турак жайлар» функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүнө өзгөртүүгө мыйзам чегинде, тиешелүү жактардын оң корутундуларын алуу шарты менен, макулдук берилсин.
4.Мамлекеттик шааркурулушу жана архитектура долбоорлоо институтуна Ош шаарынын Г.Айтиев көчөсүнүн №4 дарегиндеги аймактын функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн “Жогорку окуу жайлардын курулуштары”, Ош шаарынын Ташкент, Исанов көчөлөрү, Исанов тар көчөсү жана Як-Калик каналы менен чектешкен, жалпы аянты 2733,0 чарчы метр жана  Шакиров көчөсүнүн номуру жок дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 1197,0 чарчы метр жер тилкелерин «Көп кабаттуу турак жайлар»  функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүнө, тиешелүү мыйзам талаптарына ылайык, өзгөртүү сунушталсын.
           5.Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов):
- курулуштарга уруксат берүүдө Ош шаарынын Г.Айтиев көчөсүнүн №4 дарегиндеги,   Ташкент, Исанов көчөлөрү, Исанов тар көчөсү жана Як-Калик каналы менен чектешкен, жалпы аянты 2733,0 чарчы метр, Шакиров көчөсүнүн номуру жок дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 1197,0 чарчы метр жер тилкелеринин шаар куруу түйүнүн эске алуу;
- Ош шаарынын Г.Айтиев көчөсүнүн №4  дарегине,  Ташкент, Исанов көчөлөрү, Исанов тар көчөсү жана Як-Калик каналы менен чектешкен, жалпы аянты 2733,0 чарчы метр, Шакиров көчөсүнүн номуру жок дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 1197,0 чарчы метр жер тилкелерине курулуштарды курууда СНиПтин талаптарынын аткарылышын көзөмөлгө алуу тапшырылсын.
6.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин 
төрагасы                                                                                                                      Ж.Ормонов
____________________________________________________________________________

                                  Кыргыз   Республикасы                               Кыргызская  Республика
                                   Ош шаардык  Кеңеши                                 Ошский городской Кенеш        

                                              ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ ХXII СЕССИЯСЫ
                                                                   (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)

                                                                        Т О К Т О М
      Ош шаары                                                    №204                                     2019-жылдын 26-сентябры

Бюджеттик акча 
каражаттарды бөлүп
берүү жөнүндө

Ош шаарынын мэриясынын, атуулдардын жана мекеме-уюмдардын жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылууларын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 10-сентябрындагы отурумунун №21 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
                                                                   Т О К Т О М    К Ы Л А Т: 
1.Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2019-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен ашыкча аткарылышынын жана 2019-жылдын 1-январына карата калдыгынын эсебинен тиркемеге ылайык акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берилсин (тиркеме 3 баракта).
2.Кыргыз Республикасынын Каржы министрилигинин Ош башкармалыгына (К.Абдыкадыров) Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2019-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен ашыкча аткарылышынын жана 2019-жылдын 1-январына карата калдыгынын эсебинен бөлүнгөн акча каражаттарын мыйзамда каралган тартипте максаттуу багыттар боюнча толук көлөмдө каржылоо милдеттендирилсин. 
3.Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов), Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2019-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен ашыкча аткарылышынын жана 2019-жылдын 1-январына карата калдыгынын эсебинен бөлүнгөн акча каражаттарын мыйзамда каралган тартипте   бөлүнүүсүн көзөмөлдөө милдеттендирилсин.
4.Ош шаарынын мэриясына Ош шаардык Кеңешинин жыйындар өтүүчү залынын чатырын оңдоого керектелүүчү 500,0 миң сом акча каражатынын каржы булагын таап, каржылоо жагы тапшырылсын. 
            5.Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Түштүк аймактык облустар аралык башкармалыгын Анар кичи районундагы №18 көп кабаттуу үйүнүн жер төлөсүн пайдалануудагы муниципалдык ижара акысынан 2019-жылдын сентябрь айынан Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы менен 2019-жылдын 28-июнунда түзүлгөн №87/19 сандуу келишимдин мөөнөтүнүн аягына чейин бошотууга макулдук берилсин.
6.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Баймурат уулу Б.) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин  бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
8.Ушул токтом расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
Ош шаардык Кеңешинин 
төрагасы                                                                                               Ж.Ормонов

Ош шаардык Кеңешинин
2019-жылдын 26-сентябрындагы    кезектеги  XXII  сессиясынын 
№204  токтомуна  тиркеме

Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 10-сентябрындагы отурумунун №21 токтомуна ылайык бөлүнүүчү акча каражаттар:
1.Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2019-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен ашыкча аткарылуусунун эсебинен:
-16 000,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын мэриясы аркылуу кредиттерди жоюу үчүн, анын ичинен “Ош шаарынын коомдук транспортун жакшыртуу” долбоору боюнча алынган кредитти төлөөдөгү пайда болгон айып түрүндөгү 1 792,0 миң сом акча каражатын төлөөгө макулдук берилбесин;
-10 000,0 миң сом акча каражаты  Ош шаардык жолдор башкармалыгы аркылуу “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында шаардын көчөлөрүнө видеобайкоо жана видеофиксация системасынын аппараттык-программалык комплекстерин орнотуу үчүн көчөлөрдүн кесилишиндеги жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөрдүн астындагы асфальтты алмаштыруу жана жол белгилерин орнотуу үчүн.  
2.Жергиликтүү бюджеттин 2019-жылдын 1-январына калган калдыгынын эсебинен:
Ош шаардык билим берүү башкармалыгына:
-674,0 миң сом акча каражаты Ош шаарындагы №12 көмөкчү мектебине окуучулар ойноочу аянтча куруу үчүн;
-200,0 миң сом акча каражаты №41 Х.Абдуллаев атындагы мектебине тосмо орнотуу үчүн;
-350,0 миң сом акча каражаты №33 С.Алымкулов атындагы орто мектебине футбол аянтчасын куруу үчүн;
-100,0 миң сом акча каражаты Ош шаарындагы   №11 В.Терешкова атындагы жатак мектебинин алдынан өткөн арыктын үстүн жабууга;
Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгына:
-536,0 миң сом акча каражаты Ош шаарындагы «Боорукердик» үй-интернатындагы тарбияланып жаткан балдардын эс алуусуна шарт түзүү үчүн эс алуучу жайды кеңейтип оңдоо үчүн;
-350,0 миң сом акча каражаты  Мамажан көчөсүнө таза суу жана канализация түтүгүн тартуу үчүн;
-250,0 миң сом акча каражаты Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Татар айылына балдар ойноочу аянтчасын куруу үчүн;
Ош шаардык жолдор башкармалыгына:
-1080,0 миң сом акча каражаты Озгур айылынын А. Сатарова   көчөсүн асфальтоо үчүн;
Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгына:
-60,0 миң сом акча каражаты Исанов көчөсүнүн №45 көп кабаттуу үйүнүн үч подьездине код менен ачылуучу темир эшик койдуруу үчүн;
«Ошсвет» муниципалдык ишканасына:
-70,0 миң сом акча каражаты Озгур айылынын Коңур-Жаз көчөсүн түнкү жарыктандырууга электр мамычаларын орнотуу үчүн;
-150,0 миң сом акча каражаты Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын айылдарынын көчөлөрүн түнкү жарыктандыруу үчүн;
-271,0 миң сом акча каражаты Набережная көчөсүнөн Араван-Ак-Буура каналындагы Южный кичи шаарчасына өтүүчү көпүрөсүнөн тегирменге чейинки жолун түнкү жарыктандыруу үчүн;
Ош шаарынын мэриясына:
-10,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Коңур-Жаз айылынын №7 үйүнүн тургуну А.Айткуловдун небереси Б.Адыловдун дарылануусуна;
-30,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Набережная көчөсүнүн №16 үйүнүн тургуну К.Сагынбаевага дарылануу үчүн материалдык жардам иретинде;
-30,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Набережная көчөсүнүн №15 үйүнүн тургуну Ю.Тешаевага дарылануу үчүн материалдык жардам иретинде;
-20,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Анар кичи районунун №18 көп кабаттуу үйүнүн №36 батиринин тургуну II топтогу майып Ж.Маматовдун көзүнө операция жасатуу үчүн;
-10,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Арек айылынын тургуну М.Умурзакованын баласы А.Тажибай уулунун дарылануусуна;
-20,0 миң сом акча каражаты  Ош шаарынын Р.Моминов көчөсүнүн №207-2  үйүнүн тургуну Ш.Ибрагимовдун үйү өрттөнүп кеткендигине байланыштуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам катары;
-20,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Р.Моминов көчөсүнүн №209 үйүнүн тургуну Г.Касымованын үйү өрттөнүп кеткендигине байланыштуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам катары;
-20,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Р.Моминов көчөсүнүн №211 үйүнүн тургуну Х.Касымовдун үйү өрттөнүп кеткендигине байланыштуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам катары;
-10,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Ж.Мамытов көчөсүнүн №126 үйүнүн тургуну Н.Бакировага материалдык жардам катары;
-10,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Алыкулов көчөсүнүн №16 үйүнүн      I топтогу майып  У. Кадыр-Ахуновго материалдык жардам иретинде;
-10,0 миң сом акча каражаты Абжалов көчөсүнүн №34 үйүнүн тургуну М.Аматовага дарылануу үчүн материалдык жардам иретинде;
-10,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Алыкулов көчөсүнүн №34 үйүнүн тургуну З. Мирзаабдуллаевге материалдык жардам иретинде;
-10,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Ч.Базаров көчөсүнүн №8 үйүнүн тургуну I топтогу майып, Б.Сулаймановго материалдык жардам иретинде;
-20,0 миң сом акча каражаты Достук кичи районунун №44 көчөсүнүн №1 үйүнүн   жашоочусу I топтогу майып Х.Эргашевага материалдык жардам иретинде;
-20,0 миң сом акча каражаты Достук кичи районун №61 көчөсүнүн №11 үйүнүн тургуну, I топтогу майып Р.Шариповго материалдык жардам катары;
-25,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Алиев атындагы көчөсүнүн №64 үйүнүн тургуну М.Бахрамовага материалдык жардам иретинде;
-15,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Алымбеков көчөсүнүн №5-8 үйүнүн тургуну II топтогу майып, Т.Назаровго материалдык жардам иретинде;
-20,0 миң сом акча каражаты Молдониязов көчөсүнүн №29 үйүнүн тургуну З.Мамаризаевага материалдык жардам иретинде;
-25,0 миң сом акча каражаты Алиев көчөсүнүн №91-2 үйүнүн тургуну, I топтогу майып У.Моминовго материалдык жардам иретинде;
-20,0 миң сом акча каражаты Мичурин көчөсүнүн №43 «А» үйүнүн тургуну С.Абдухаликовго материалдык жардам иретинде;
-30,0 миң сом акча каражаты Алымбеков көчөсүнүн №27 үйүнүн тургуну С.Салаховго материалдык жардам иретинде;
-25,0 миң сом акча каражаты Алиев көчөсүнүн №31 үйүнүн тургуну, II топтогу майып, Т.Ажиевге дарылануу үчүн материалдык жардам иретинде;
-20,0 миң сом акча каражаты А.Жунусов көчөсүнүн №28 үйүнүн тургуну М.Сайдахмедовага материалдык жардам иретинде;
-10,0 миң сом акча каражаты Алиев көчөсүнүн №113  үйүнүн №36 батиринин тургуну С.Хабибулинага материалдык жардам иретинде;
-20,0 миң сом акча каражаты Достук кичи районунун №94 көчөсүнүн №8 үйүнүн тургуну, II топтогу майып Алижан кызы Наргизага материалдык жардам иретинде;
-20,0 миң сом акча каражаты Достук кичи районунун №62 көчөсүнүн №19 үйүнүн тургуну, I топтогу майып Б.Мирзаджановго материалдык жардам иретинде;
-20,0 миң сом акча каражаты Достук кичи районунун №62 көчөсүнүн №8 үйүнүн тургуну, II топтогу майып Ф.Кадыровго материалдык жардам иретинде;
-50,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Раззаков көчөсүнүн №18 үйүнүн №56 батиринин тургуну, II топтогу майып Р.Арапованын көзүн дарылоо үчүн.      
-15,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Мехнат көчөсүнүн №18 үйүнүн тургуну Г.Ниязовага дарылануу үчүн.  
Ош шаардык Кеңешинин
аппарат жетекчиси                                                                                                К.Камчиев


                                       КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫ                                     КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА
                                        ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ                                      ОШСКИЙ ГОРОДСКОЙ  КЕНЕШ

                                                          ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXII СЕССИЯСЫ 
                                                                                  (IV   ЧАКЫРЫЛЫШ)

                                                                                       ТОКТОМ
               Ош шаары                                                         № 205                        2019-жылдын 26-сентябры  

Ош шаарынын прокуратурасынын
Ош шаардык Кеңешинин
2018-жылдын 20-июнундагы
№129 токтомуна карата каршы
пикири жөнүндө

            Ош шаарынын прокуратурасынын 2019-жылдын 17-январындагы  Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы “Ош шаарынын аймагында жайгашкан кээ бир жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө” №129 токтомуна карата № 11-7д-51-19 каршы пикирин карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 16, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12–беренелерине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк,  экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 28-августундагы №44 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
            1.Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы “Ош шаарынын аймагында жайгашкан кээ бир жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө” №129 токтому жокко чыгарылсын.
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин 
төрагасы                                                                                                                     Ж.Ормонов
_____________________________________________________________________________

                                       КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫ                                 КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА
                                         ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ                                ОШСКИЙ ГОРОДСКОЙ  КЕНЕШ

                                                     ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXII СЕССИЯСЫ 
                                                                             (IV  ЧАКЫРЫЛЫШ)

                                                                                   Т О К Т О М

                      Ош шаары                                                  № 206                   2019-жылдын   26-сентябры

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу
депутаттык комиссиясынын курамына 
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын  32-беренесине  ылайык,     Ош шаардык   Кеңешинин   депутаттары 
С.Назылбеков жана Г.Култаевалардын арыздарын жана “Кыргызстан” депутаттык фракциясынын чечими менен сунушун эске алып, Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 39-40-беренелерин жетекчиликке  алуу менен,   Ош шаардык Кеңеши,
Т О К Т О М   К Ы Л А Т : 
            1.Ош шаардык Кеңешинин төмөндөгү туруктуу депутаттык комиссияларынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- ”Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча” туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынан «Кыргызстан» депутаттык фракциясынын мүчөсү Назылбеков Салман Сатыгулович чыгарылып, анын ордуна «Кыргызстан»  депутаттык фракциясынын жана “Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери”   боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынын мүчөсү Култаева Гулшаркан Оконовна аталган комиссиянын курамына киргизилсин;
- “Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери  боюнча” туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынан «Кыргызстан» депутаттык фракциясынын мүчөсү Култаева Гулшаркан Оконовна чыгарылып, анын ордуна «Кыргызстан»  депутаттык фракциясынын  жана “мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөсү Назылбеков Салман Сатыгулович  аталган комиссиянын курамына киргизилсин;
           2.Токтом  мыйзамда каралган  тартипте   каттоодон өткөрүлсүн (Б.Баймурат уулу)  жана  массалык   маалымдоо  каражаттарына жарыялансын.  (С. Маматалиева).
          3.Токтомдун  аткарылышын   көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси К. Камчиевге жүктөлсүн.
Ош шаардык
Кеңешинин төрагасы                                                                                     Ж.Ормонов
_______________________________________________________________________
                                                                                                          

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)