Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » » Ош шаардык Кеңеши башкы адис ваканттык кызмат орунун ээлөөгө кароо-сынак жарыялайт

Ош шаардык Кеңеши башкы адис ваканттык кызмат орунун ээлөөгө кароо-сынак жарыялайт

11 сентябрь 2020, Пятница
1 756
0


1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык-экономикалык, Айыл чарба, Медициналык, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика адистиктери боюнча).


2. Иш стажы жана  тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.


3.  Кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; 
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары; 
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.



Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: 

- Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;

- “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”;

- “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдары;

- Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди.


Билгичтиги:

- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

- жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.


Көндүмдөрү:

- кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;

- натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

- ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; 

- командада иштөө.







Уюштуруу-кадрдык иштер жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу 

бөлүмүнүн башкы адисинин функционалдык милдеттери

- шаардык Кеңештин туруктуу депутаттык  комиссиясы менен иш алып барат;

- тейлеген туруктуу депутаттык комиссиянын аткара турган иштери боюнча жылдык пландарды түзөт, аткарылышынын жыйынтыгы менен отчетторду даярдайт, комиссиянын отурумдарынын протоколдорун алып барат, шаардык Кеңештин сессияларынын  кароосуна киргизилүүчү маселер боюнча токтомдордун долбоорлорун иштеп чыгат;

- сессияларга, отурумдарга депутаттардын жана өзү тейлеген маселелер боюнча чакырылгандардын катышуусун камсыз кылат;

- тейлеген туруктуу депутаттык комиссияга тиешелүү болгон маселелер боюнча жарандардан, жеке жактардан, мекеме ишканалардан келип түшкөн каттар жана арыздар менен иш алып барат;      

- Ардак грамоталардын, куттуктоолордун, күбөлүктөрдүн жана башка типографиялык басмада даярдалуучу иш кагаздарынын  даярдалуусун жана дизайнынын түзүлүүсүн камсыз кылат;

- сессиялардын   стенограммаларынын бөлүнүп берилген бөлүгүн  жазат; 

- шаардык Кеңештин жана бөлүмдүн ишмердигине тиешелүү башка иштерди аткарат. 



Кароо-сынакка катышуу үчүн керектелүүчү документтер:


  1. Кароо-сынакка катышуу жөнүндөгү жеке арыз.
  2. Дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык ырасталган).
  3. Өздүк баракча.
  4. Сүрөт 3х4 өлчөмүндөгү (2 даана).
  5. Эмгек китепченин көчүрмөсү (нотариалдык ырасталган).
  6. Поспорттун көчүрмөсү.
  7. Өмүр баян.
  8. Резюме.



Документтер кулактандыруу жарыяланган күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат: Ош шаары, Ленин көчөсү-221, №39-кабинет. 


Сурап билүү телефону 7-11-96, 5-55-12.


Кароо-сынакты өткөрүүнүн убагы жана датасы кошумча маалымдалат.


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)