Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Дүйнөлүк илдетти аманчылык менен жеңели!

Дүйнөлүк илдетти аманчылык менен жеңели!

23 март 2020, Понедельник
1 282
0

Дүйнөлүк илдетти аманчылык менен жеңели!

Урматтуу Ош шаарынын тургундары бул мезгилде Кыргызстан эли чоң сыноонун алдында турат. Дүйнөнү каптап келген коронавирус илдети сүйүктүү Кыргызстаныбызды да тилекке каршы четтеп өткөн жок. Бул мезгил биз үчүн чоң сыноо. Бул сыноону акыл эсибиз менен сабырдуулук, ынтымакта бирге жеңели. Кыргызстан боюнча жарыяланган  бир айлык өзгөчө кырдаалда үй-бүлөбүз менен биргеликте үйдө олтуруп, зарылчылыгы жок болсо көчөгө чыкпай, илдетти алдын алуу боюнча аракеттерибизди көрөлү. Азыркы убакта биринчи көңүл элибиздин саламаттыгы. Саламаттыктан жогорку байлык жок экендигин бул мезгил баарыбызга көрсөттү. Элибиз саламатта болуп,  бул күндөрдү аманчылык менен жеңсек бул биздин жеңишибиз. 

Урматтоо менен 

Ош шаардык Кеңешинин 

депутаты                                                                                             Акбарали Батыров

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)