Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Саламаттыкты сактоо-Кыргызстаныбыздын жаркын келечеги!

Саламаттыкты сактоо-Кыргызстаныбыздын жаркын келечеги!

24 март 2020, Вторник
1 441
0

Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын меймандары. Бул оору жалпы адамзат башына түшкөн кыйынчылык экени белгилүү. Бүгүн бири-бирибизди колдой турган мезгил. Башка түшкөн оор кырдаалды ынтымак менен жеңишибиз керек. Ал үчүн көрүлүп жаткан чараларды кынтыксыз аткарышыбыз зарыл. Биринчи саламаттыкты сактоо мекемелеринин кызматкерлеринин, ички иштер кызматкерлеринин эмгегин жогору баалап, биз элдин өкүлдөрү катары социалдык мекемелердин, үй интернаттарынын кызматкерлерине, камкордукка муктаж калктын аялуу катмарын ушул учурда колдоо үчүн ар бирибиз өз жардамыбызды берели. Ал жардам алардын көрсөтмөлөрүн так аткаруу. Экинчиси үй карантинде зарылчылык жок болсо тартипти сактап, балдарыбызга илдеттен кантип сактануу жолдору жөнүндө жакшы тарбия берели. Андыктан, баарыбыз биргеликте, ынтымакта бул илдетти жеңебиз.

Терең урматтоо менен

Ош шаардык 

Кеңешинин депутаты                                                                                 Ашим Осмонов 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)