Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Элибиздин саламаттыгын сактоо баарыбыздын милдетибиз!

Элибиздин саламаттыгын сактоо баарыбыздын милдетибиз!

25 март 2020, Среда
1 292
0

Урматтуу шаарыбыздын тургундары. Бул тилсиз жоодон сакталып калуу кепилдиги эч кимге берилген эмес экени белгилүү. Ар бирибиз илдетке каршы күрөшүүнү өзүбүздөн баштап, белгиленген тартипти сактай турган болсок, ооруну жеңебиз. Элибизди тамак-аш жана даары-дармектер боюнча дүрбөлөңгө түшпөгөнгө чакырат элем. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул маселе боюнча камсыздоону жигердүү иштеп чыгып улантып жатат. Ошондуктан, баарыбыз көрсөтүлгөн тартипти так сактап, дарыгерлерди, медайымдарды, ички иштер кызматкерлерин, шаардык мэриянын, шаардык мекеме-ишканалардын кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, колдоп үйдө олтуруп жардамыбызды берели.

Терең урматтоо менен

Ош шаардык 

Кеңешинин депутаты                                     Расулберди Раимбердиев

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)