Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Илдет айтып келбейт

Илдет айтып келбейт

27 март 2020, Пятница
1 254
0
Урматтуу сүйүктүү шаардыктар, илдет айтып келбейт экен. Тилекке каршы бул илдет мекенибизге да айтырбай келди. Илдет менен күрөшүү ар бирибиздин колубузда. Аны үчүн санитардык-гигиеналык талаптарды так аткаралы. Сактансаң сактайм дейт. Ар бирибиз өзүбүз, үй-бүлөбүз, ата-энебиз, балдарыбыз үчүн жоопкербиз. Ар бирибиз короо-жайыбыздын, шаарыбыздын тазалыгы үчүн кам көрөлү. Ар бирибиз ден соолугубузга жоопкерчиликтүү мамиле жасап, илдетти алдын алуу жана аны башкаларга жайылтпоо боюнча талаптарды так аткаралы. Башка мамлекеттердеги окуялар көрсөткөндөй  өзгөчө кырдалдардагы талаптарды так аткарганда гана бул илдеттен тез арада чыгабыз. Ошондуктан, сиздерге жоопкерчиликти жана ден-соолукту каалаймын. 
Терең урматтоо менен
Ош шаардык 
Кеңешинин депутаты                                                                                      Нурмамат Рашев
Талкуулоо

Окшош жаңылыктар:

Пикир калтыруу
Пикирлер (0)