Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын мэри шайланды

Ош шаарынын мэри шайланды

18 июль 2018, Среда
4 010
0
Ош шаарынын мэри шайланды
Бүгүн, 18-июлда Ош шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы өткөрүлдү. 
Сессиянын күн тартибине ылайык Ош шаарынын мэрин шайлоого шаардык Кеңешинин 45 депутаты, бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрү, аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү катышышты.
Ош шаарынын мэрлигине талапкер Таалайбек Сарыбашовдун Ош шаарын өнүктүрүү программасы угулуп,  шайлоо процессинин жыйынтыгында депутаттар 44 “Макул”, 1 “Каршы” добушун беришти.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, депутаттар жаңы шайланган мэрге ишеним көрсөтүү менен чоң жоопкерчиликти биргеликте колго алып жатышкандыгын билдирип, шаарды өнүктүрүү үчүн бир максатта жана биримдикте иш жүргүзөбүз деген жакшы ой тилектерин белгиледи.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)