Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Билим берүү системасын сактоону жана кырдаалга карата талап нормалардын аткарылуусун көзөмөлгө алуу зарыл

Билим берүү системасын сактоону жана кырдаалга карата талап нормалардын аткарылуусун көзөмөлгө алуу зарыл

08 апрель 2020, Среда
1 258
0

Бүгүн төрага Ж.Ормонов Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги менен IV чейректин кандай тартипте башталгандыгы жөнүндө маектешти. Бүгүнкү күндөгү кырдаалга ылайык КР Билим берүү жана илим министрлигинин чечимине ылайык республика боюнча башталган видео сабактардын башталгандыгы жана шаардагы окуучулардын маалыматттулугу, даярдыгы жөнүндө талкуу жүргүзүлүп, дээрлик бардык мектеп окуучуларына жана ата-энелерге тиешелүү көрсөтмөлөр жеткирилгендиги билдирилди. Төрага мугалимдердин окуучулар менен байланышы үчүн интернет байланышынын жеткиликтүүлүгү, аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн балдары үчүн билим алуу шарттарынын түзүлгөндүгү жана тиешелүү уюштуруу иштерин жүргүзүү боюнча бир нече сунуштарын билдирди. Бул багытта Ош шаардык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын депутаттары да коомчулукка максаттуу маалымат жеткирүүгө көмөк көрсөтүп жатышкандыгы жөнүндө маалымдалды. Эскерте кетсек: КР Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык 8-апрелден тарта IV чейректин сабактары “Баластан” КТР (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), “Илим Билим” ЭлТР (5-11-кластын окуучулары үчүн) жана "Санат", "Пирамида", "5-каналдарынан" эфирге берилет. Ушул эле видеосабактар, окуу материалдары, электрондук китептер, теледен кетчү сабактардын жадыбалы, кошумча адабияттар, тапшырмалар, мугалимдер үчүн колдонмолор, өнүктүрүүчү оюндар, тесттер ж.б. министрлик тарабынан түзүлгөн oku.edu.gov.kg порталына жүктөлөт.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)