Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Элдин муктаждыгын көзөмөлдөө жана аткарылып жаткан аракеттердин мыйзамдуулугун сактообуз зарыл

Элдин муктаждыгын көзөмөлдөө жана аткарылып жаткан аракеттердин мыйзамдуулугун сактообуз зарыл

08 апрель 2020, Среда
1 353
0

Бүгүнкү күндө мамлекетибизде илдетке каршы коюлган чектөөлөргө элибиз түшүнүү менен мамиле кылып, мыйзам чегинде бекитилген талап-нормалардын аткарылуусу күн санап жолго салынууда. Бул багытта мамлекет башчылары, түзүлгөн тиешелүү комендатуралар жана жергиликтүү аткаруу органдары алгылыктуу аракеттерин жүргүзүшүүдө. Элибиздин башына түшкөн бул сыноодо жеке кызыкчылыктардан жана жаман ойлордон алыс болуп, ынтымакты, биримдикти жана сабырдуулукту негиз тутуубуз зарыл. Мындай учурда шаардык кеңешинин Эл өкүлдөрү коомчулуктун үнүн тиешелүү бийлик органдарына жеткирүү менен, муктаж тургундарга колдон келген жардамдарын беришүүдө. Андыктан баарыбызды тынчсыздандырган оор илдеттен арылуу аракеттерин биргеликте колго алып, бири-бирибизге болгон адамгерчилигибизди жана ыймандуулугубузду сактоого аракет кылуубуз абзел. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз, ар бир жаран мыйзамга баш ийүүгө жана аткарууга мидеттүү. 

Ош шаардык Кеңеши

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)