Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйыны болуп өттү

Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйыны болуп өттү

08 август 2018, Среда
3 473
0
Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйыны болуп өттү
Бүгүн,  Ош шаардык мэриясынын коллегиялык жыйыны болду.  Жыйынга Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаар мэри Таалай Сарыбашов, вице-мэрлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты.
Анда негизги эки маселе каралып, Т. Сарыбашев тарабынан шаардын туруктуу өнүгүүсүнө жаралып жаткан тоскоолдуктар, кетирилип жаткан кемчиликтер айтылып, бир катар жетекчилерге эскертүүлөр берилди. 
Ал эми Ош шаардык Кеңешинин төрагасы жараандар тарабынан мекеме ишканалардын көрсөтүп жаткан кызматттарына наразы экендиктерин баса белгиледи.
“Ош шаардык Кеңешинин депутаттары элдер менен жолугушууларында ар дайым, мамлекеттик кызматтардын аткарып жаткан иштерине наразы экендиктерин билдирип келишет. Жолдордун абалы, коомдук транспорттордун баасы, алардын иш тартиби, шаар тазалыгына канааттанбай келишет. Бул багытта өзгөчө көңүл бурулушу абзел”, - деди Ж. Ормонов. 
            
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)