Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болду.

Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болду.

10 август 2018, Пятница
4 730
0
Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын   отуруму болду.
Бүгүн,  Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын   отуруму болуп өттү.   Отурумдун  жыйынын туруктуу депутаттык  комиссиянын төрагасы Ашим Алымович алып барып,  комиссиянын мүчөлөрү С.Нуркамилова, Г.Эсенбаева, Ж.Азимов, С. Курбаназаров, Т.Шабанов, мэриянын өкүлдөрү, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери  катышышты. Отурумда  төмөндөгү маселелер каралды.
  1. Шааардын калкына  пенсия пособиелерди  өз убагында берүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө.
  2.  Балдардын жайкы эс алуусун камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө.
 Аталган маселелер боюнча  депутаттар  жеринде барып көрүп келишип, отурумда  кызуу талкуулоолор  менен бирге сын-суштарын тиешелүү мекеме- ишканалардын жетекчилерине айтышты.  Жыйынтыгында биринчи маселе Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталып,  экинчи маселеге туруктуу депутаттык комиссия өз баасын берди. 
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)