Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Улуу Рамазан айы жакшылыктын, оор илдеттен арылган күндөрдүн айы болсун.

Улуу Рамазан айы жакшылыктын, оор илдеттен арылган күндөрдүн айы болсун.

23 апрель 2020, Четверг
1 872
0

   Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Ардактуу момун мусулмандар!


Дилибизге ыйман, жүрөгүбүзгө жылуулук берип, ырайымдуулуктун нуру толкуп турган жылдын он эки айынын эң куттуусу айлардын султаны болгон, руханий дүйнөбүздү ыйманга толтуруучу, текеберчиликтен арылтуучу, напсини тарбиялоочу Ыйык Рамазан айы да кирип келди. 

Андыктан, мусулман бир тууганым, кадырман калкым. Баарыңыздарды улуу Рамазан айы менен Ош шаардык Кеңешинин эл өкүлдөрүнүн атынан чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

 Улуу Рамазан айы жакшылыктын, оор илдеттен арылган күндөрдүн айы болсун. Бул айда ар бириңиздердин тилектериңиздер кабыл болуп, ниеттериңиздер калыс болуп, жүрөктөрүңүздөр ыйманга толуп, жамандык бизден алыс болуусун Жараткандан суранабыз.

Бүгүнкү күндө жалпы дүйнө элин дүрбөлөңгө салган оор илдет түрдүү кыйынчылыктардан өтүүгө бизди мажбур кылууда. Андыктан, Жараткандан келген бул сыноодон татыктуу чыгып, эртеңки күнүбүздү, келечегибизди ойлоп, түндүн артында күн бар экенине ишенгендей бололу. Баары артта калат.

Баарын унуттура турган, бардык күнөөлөрдү кечире турган, бардык жакшылыктарды кабыл кыла турган, ички дүйнөбүздү, саламаттыгыбызды тазалаган, таза аруу сезимдерге бөлөгөн, ыйык беш парздын бири отуз күндүк Орозо баарыңыздарга кабыл болсун!

Бул улуу айды чын дилибизден ниет кылып орозо тутуп,  сооптуу иштерге камданып, ордолуу Ошубуздун көп улуттуу эли менен бирге биримдикте, достукта жана ынтымакчылыкта өткөрөлү.

Жараткан баарыбызга сабыр, жүрөгүбүзгө ыйман, жүзүбүзгө нур, колубузга береке, жергебизге тынчтык, элибизге кең пейил берсин. Жаман илдеттен эртерээк кутулууну баарыбызга насип кылсын. Жергебизде ынтымак-ырашкерлик бекем орноп, өсүп-өнүгүү болсун. Жараткан ар бир үйгө байгерчилик, берешендик берсин.


Туткан орозоңуздар, кылган ибадаттарыңыздар кабыл болсун! 



Ош шаардык 

Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов





Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)