Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өткөрүлдү.

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өткөрүлдү.

13 август 2018, Понедельник
4 555
0
Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумга Рашев Н.Т, Камчы уулу К., Абдрахманов О.Э., Мамбетов К.А., Турдубай уулу А., Тажибаев Ж.Д. катышышты: 
            Отурумда Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан муниципалдык мүлктү каттоо, эффективдүү пайдалануу, сактоо багытында аткарып жаткан иштери, Ош шаарынын тургундарынын жер маселеси боюнча арыздары,  .«Ак-Буура Групп» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 2МВТ кубаттуулуктагы   чакан ГЭСтин  курулушу жана .«Ош шаарынын Ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү төрт маселе талкууга алынды.
Күн тартибиндеги маселелер боюнча комиссия мүчөлөрү жерине чыгып таанышуу жүргүзүштү. Отурумдун жыйынтыгы менен тиешелүү токтомдор кабыл алынды. Ал эми Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан муниципалдык мүлктү каттоо, эффективдүү пайдалануу, сактоо багытында аткарып жаткан иштери жөнүндөгү жана «Ак-Буура Групп» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 2МВТ кубаттуулуктагы  чакан ГЭСтин  курулушу жөнүндөгү маселе Ош шаардык Кеңешинин сессиясына сунушталды.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)