Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отурум болуп өттү

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отурум болуп өттү

15 август 2018, Среда
3 142
0
Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отурум болуп өттү
Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин    бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумдун күн тартибинде жалпы 14 маселе каралып, туруктуу депутаттык комиссиясынын тиешелүү чечимдери кабыл алынды. Атап айтканда, Ош шаарынын мэриясынын Ош шаарынын 2017-жылдагы бюджетинин аткарылуусун бекитүү жөнүндөгү маселеси каралып, аталган маселе боюнча Ош шаарынын мэриясынын жана шаардык каржы башкармалыгынын маалыматтары угулуп, сессиянын кароосуна сунушталды.
Андан сырткары Ош шаарынынын мэриясы тарабынан Ош шаарынын 2018-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн ашыкча аткарылуусунун эсебинен 10,0 млн. сом акча каражатын шаардагы ар түрдүү иш-чараларга бөлүп берүү боюнча каты каралып, бул маселе боюнча депутаттардын алымча кошумча сунуштарынын негизинде сессиянын кароосуна сунушталды. 
Андан сырткары Ош шаарынын тургундарынын кайрылуу катары дагы каралып, тиешелүү токтом кабыл алынды. 
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)