Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында Курбан айт майрамы белгиленди

Ош шаарында Курбан айт майрамы белгиленди

21 август 2018, Вторник
3 739
0

Ага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош шаарынын мэри Таалай Сарыбашов, Өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укутуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаар тургундары катышышты. 

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж. Ормоновдун куттуктоо сөзү:


Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын меймандары! Ардактуу момун мусулмандар!


Сиздерди Курман айт улуу майрамыңыздар менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан чын пейилден кызуу куттуктайм. 

Курман айт – бул кылымдардан бери элдин биримдигин бекемдеген, боорукердигин жана кайрымдуулугун арттырган майрам катары биз үчүн ардактуу. Бизди ыймандуулукка жана сабырдуулукка чакырып, биримдигибизди, достугубузду, сый-урматыбызды бекемдеген касиеттүү майрам. Ушул күнү бардык мусулмандар ата-бабаларды эскерип, келечекке ниет кылып, Жаратканга үмүт-тилектери менен кайрылышат. 

Тарыхы миң жылдан ашкан Курман айт майрамы адам баласынын дилинин тазарышына үндөп, жакшылыктын үрөөнүн себип келет. Бүгүн жүрөк жылыткан сөзүбүз жана жылуу жылмаюбуз менен өзгөлөрдү бакытка бөлөй турган, бардык жакшылыктын башаты болгон дуба-тилектер кабыл боло турган улуу күн. Бүгүн Ата-бабаларыбызды жакындарыбызды эскерип, улууларга таазим этип, келечекке жакшы ниеттерди кылабыз. Алла-таала ушул кайрымдуулук жана соопчулук үчүн жасаган иштерибизди кабыл кылсын.

Ушул учурда ыйык Меккеде Ажылык сапарда өз парзын аткарып жүргөн мекендештерибиздин көздөгөнү кабыл болуп, жергебизге аман-эсен кайтып келишсин.

Урматтуу шаардыктар! 

Кадырлуу мусулмандар!

 Бул майрам элибиздин ынтымагына, улуттар арасындагы достукка данакер болсун. Сиздерге эки дүйнө бакыт каалаймБактылуулукка карай жасаган кадамыңыздар байсалдуу болсун

 Ар бир агарып аткан таңдын нуру берекелүү болсунДүйнөнүн сулуулугунбейкуттугун сактаган ата  энелерибизге күйүмдүү болуптууганды туу тутупдостукка бекем бололу

Алла Таалам бир дагы пенде калтырбастан баарыбызды бактылуу кылсынЖерибизге тынчтык, Элибизге ынтымак берсин. Ыйык Курман айт майрамыңыздар менен!


Айтыңыздар маарек болсун!

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)