Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы өткөрүлдү

Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы өткөрүлдү

28 август 2018, Вторник
3 949
0
Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы өткөрүлдү
Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XV  сессиясы өткөрүлдү. Сессия майрамдык маанайда башталып төрага Жапарбек Ормонов депутаттарды жана жалпы катышуучуларды Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгы менен куттуктады.
Сессиянын күн тартибинде алты маселе каралды. 
1. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан муниципалдык мүлктү каттоо, эфективдүү пйдалануу, сактоо багытында аткарылып жаткаништери жөнүндө;
2. Шаардын калкына пенсия жана пособиелерди өз убагында берүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө;
3. Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө;
4. Ош шаарынын 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун бекитүү жөнүндө;
5. Бюджеттик акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө;
6. “Ак-Буура Групп” ЖЧКсы тарабынан 2 МВТ кубаттуулуктагы чакан ГЭСти курууга атайын токтом кабыл алуу үчүн КРнын Өкмөтүнө кайрылуу жөнүндө;
Сессиянын жүрүшүндө өзгөчө социалдык тармактын жетекчилерин аткарып жаткан  иш аракеттери каралып, депутаттар тарабынан түрдү сын пикирлер айтылды.
Ар бир маселе боюнче шаардык Кеңешинин тиешелүү токтомдору кабыл алынды
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)