Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү

Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү

06 сентябрь 2022, Вторник
514
0

 Ош шаардык  Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты  маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын депутаттары 2022-жылдын        5-сентябрында  Ош шаарындагы билим берүү тармагына караштуу балдар бакчаларынын,  дене тарбия жана спорт комитетинин, “Келечек” балдар чыгармачылык борборунун иштеринин натыйжалуулугу боюнча жеринен таанышып чыгышып, 6-сентябрь күнү туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болду. Отурумду туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Б.Баетов алып барып, вице-мэр, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери чакырылып,  күн тартибинде беш маселе каралды.  Каралган  маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын депутаттары  тиешелүү жетекчилерге сунуштарын, суроолорун, тапшырмаларын беришип үч маселени Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына сунушташты.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)