Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинде жергиликтүү бюджет маселелери боюнча отурум өткөрүлдү

Ош шаардык Кеңешинде жергиликтүү бюджет маселелери боюнча отурум өткөрүлдү

11 май 2020, Понедельник
1 261
0

Бүгүн Бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өттү. Күн тартибинде эки маселе каралды. Отурумдун жүрүшүндө КРнын финансы министрлигинин Ош башкармалыгынын башчысы К.Абдыкадыровдун Ош шаарынын азыркы убактагы бюджетинин абалы боюнча маалыматы угулуп, учурдагы абалга байланыштуу бюджеттин жоготуулары жана аларды толтуруу булактары боюнча кеңири маалымат берди. Андан соң “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын учурдагы абалга байланыштуу, экономикалык абалы боюнча суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды. Бул маселеге байланыштуу Ош шаарынын мэриясынын каты талкууланып, аталган ишканага жергиликтүү бюджеттен субсидия түрүндө берилген акча каражатынын эсебинен мекеменин каржы тартыштыгын мыйзам чегинде чечүү жагы Ош шаарынын мэриясына сунушталды. Ошондой эле мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын Ош шаарында социалдык-экономикалык абалына терс таасир кылуучу жагдайларды төмөндөтүү максатында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды төлөөдө салыктык отчетту берүү мөөнөтүн 2020-жылдын 1-июль айына чейин узартууга макулдук берүү жөнүндө катын кароо учурунда башкармалыктын маалыматы угулуп аталган маселе Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясынын кароосуна сунушталды.   

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)