Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык борборлоштурулган китепканасында шаардык иш-чара өткөрүлдү

Ош шаардык борборлоштурулган китепканасында шаардык иш-чара өткөрүлдү

13 сентябрь 2018, Четверг
3 585
0

2018-жылдын 12-сентябрында Ош шаардык борборлоштурулган китепканасында «Аймактарды өнүктүрүү жылына» карата  шаардык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Осмонов, шаардык Кеңештин депутаты Ж.Азимов, шаардык китепкананын филиалдарынын жетекчилери катышышты. Ош шаардык Кеңештин депутаттары шаардагы китепканалардын бүгүнкү күндөгү абалы жана  жүргүзүлүп жаткан иштери  боюнча таанышышып,  сунуш-пикирлерин билдиришти. Иш-чаранын алкагында  Ош шаардык Кеңешинин депутаты Ашим Осмонов, шаардык Кеңештин төрагасы Жапарбек Ормоновдун атынан  китепкана тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге ыраазылык билдирип, Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталарын   тапшырды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)