Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Эне ыйык, эне кымбат баарынан

Эне ыйык, эне кымбат баарынан

16 май 2020, Суббота
2 862
0

Кымбаттуу апалар! Урматтуу энелер!


Сиздерди, Мамлекетибизде жыл сайын улуу, касиеттүү күн катары белгиленип келе жаткан “Энелер күнү” менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан чын дилимден куттуктайм! Жүрөгүбүздүн түпкүрүнөн орун алган асыл энелерибизге, апаларыбызга арналган баардык каалоо-тилектерди Рамазан айынын улуу күндөрүндө кабыл болуусун тилек кылабыз. Мээримин чачып таалим-тарбия берген, мүдүрүлсөк жөлөк болуп, өмүр бою жаныбызда жолдош болгон асыл энелерибизге, апаларыбызга башыбызды ийип таазим кылабыз. Дайыма бактыбызга аман болуп, төрүбүздүн көркү, үйүбүздүн куту болуп жүрүшүңүздөрдү каалаймын. 


Урматтоо менен 

Ош шаардык Кеңешинин 

төрагасы Жапарбек Ормонов 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)