Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Орозо бүткөн күнү элибизге кубаныч тартуулаган улуу Айт майрамы куттуу жергебизге жакшылык алып келсин

Орозо бүткөн күнү элибизге кубаныч тартуулаган улуу Айт майрамы куттуу жергебизге жакшылык алып келсин

24 май 2020, Воскресенье
2 296
0



Урматтуу касиеттүү шаарыбыздын тургундары!



            Биз дилге ыйман, жүрөккө жылуулук берип, ырайымдуулуктун нуру толуп турган куттуу күндөрдү башыбыздан өткөрүп, мусулмандардын негизги беш парзынын бирин аткарып, жакшы тилек, максаттар менен ооз бекитип, отуз күндүк орозо туттук.

Бүгүн, орозо Айт майрамын чоң кубаныч менен белгилеп жатабыз.

Бардык момун мусулмандар айлардын султаны болгон Рамазан айында чын дилден ниет кылып, чоң соопчулук иштерди аткарууга жетиштик.

Орозо бүткөн күнү элибизге кубаныч тартуулаган улуу Айт майрамы куттуу жергебизге жакшылык алып келсин. Ылайым жаман сөздөн, суук көздөн, жаман илдеттерден, көңүл кирдеткен жаман окуялардан алыс бололу. 

Андыктан, ылайым каалоолорубузду Алла-таалам кут кылсын! Ар бир үйдө ынтымак, ырыскы кетпесин! Жергебизде тынчтык менен ынтымак орноп, өсүп-өнүгүү болсун! Туткан орозоңуздар, окуган намазыңыздар кабыл болсун!


Айтыңыздар маарек болсун урматтуу момун-мусулмандар! 

Ош шаардык Кеңешинин

төрагасы Жапарбек Ормонов



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)