Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ак жол сага бүтүрүүчү

Ак жол сага бүтүрүүчү

25 май 2020, Понедельник
4 201
0

Урматтуу бүтүрүүчүлөр!


            Бүгүн силер турмуштун кенен, жарык жолуна карай алгачкы эркин кадамды баштоонун алдында турасыңар. Силердин алдыдагы келечегиңер, тандаган жолуңар жеке өзүңөрдөн көз каранды экендигин унутпагыла. Алган билимиңер, татыктуу таалим-тарбияңар менен коомдон ордуңарды таап, мыкты, кесипкөй, өз элин, туулган жерин урматтаган мекенчил, намыстуу жаран болушуңарга терең ишенимимди артамын. 

Урматтуу жаш досторум!

            «Акыркы коңгуроо» дүйнө жүзүндө болуп жаткан аты жаман оорунун кесепетинен аралыктан өткөрүлсө да салтанаттуу азем менен куттуктайм!

Дайыма бийик жеңиштерди билим, илим менен багындырган жаштардын катарында келечектүү, ырыс-кешиктүү болушуңарга тилектештигимди билдирем! 


Ош шаардык Кеңешинин 

төрагасы Жапарбек Ормонов 




Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)