Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында ишкерлер күнү белгиленди

Ош шаарында ишкерлер күнү белгиленди

20 сентябрь 2018, Четверг
3 641
0
Бүгүн Ош шаарында ишкерлердин кесиптик күнүнө карата салтанаттуу иш чара болду. Аземге Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош шаарынын мэри Таалай Сарыбашев, Ош шаардык Кеңешинин депутаттары, Оштогу ишкерлер, бизнес өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты. 
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы мамлекет тарабынан ишкерлерге көрсөтүлүп жаткан колдоолор, аларга стимул бериши керектигин билдирди.
Кыргызстандын экономикасынын негизги бөлүгүн ишкерлер түзүшөт. Аны туура түшүнүү менен Президентибиз  ар тараптан колдоо көрсөтүп жатканы сиздерге карата мамлекеттин авансы. Сиздер мындан ары да мамлекеттин өнүгүүсү үчүн ачык-айкын иштегенгенге аракет кыласыздар деген ойдомун. Өз кезегинде Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте биз да сиздерге ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даярбыз”, - деди Ж. Ормонов.
Андан соң Ош шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө ар тараптан колдоо көрсөтүп келе жаткан ишкерлерге Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталары тапшырылды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)