Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму өткөрүлдү

Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму өткөрүлдү

11 июнь 2020, Четверг
1 450
0

Бүгүн Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү. 

Отурумду туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы А.Каримбеков алып барып, мүчөлөрү М.Аматбеков, С.Анарбек уулу, К.Үркүнбаевдер катышышты. 

Күн тартибине ылайык Ош шаардык базар дирекциясынын аткарып жаткан иштери жөнүндө, Ош шаарында инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөйрөнү коргоо боюнча учурда аткарылып жаткан иштери жөнүндө, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маселелер каралып, өзгөчө карантин учурунда мекемелердин, ишкерлердин ишмердүүлүктөрү боюнча суроолор берилип, сунуштар талкууланып, протоколдук тапшырмалар берилди. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)