Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Эл өкүлдөрү COVID-19 оорусу боюнча шаардагы социалдык абалды талкуулашты

Эл өкүлдөрү COVID-19 оорусу боюнча шаардагы социалдык абалды талкуулашты

16 июнь 2020, Вторник
1 395
0

Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин социалдык маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү. Отурумду комиссиянын төрагасы А.Осмонов алып барып, мүчөлөрү С.Курбаназаров, А.Мадаминов, С.Нуркамилова, Е.Рузиева, Г.Эсенбаева жана күн тартибинде каралуучу маселелерге тиешелүү мекемелердин жетекчилери катышышты. 

Күн тартибине ылайык Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинин жана А.Суюмбаев атындагы борбордук стадионунун ишмердүүлүгү, Калкка социалдык жактан кызмат көрсөтүүдө 2019-жылы региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында социалдык тармактарда аткарылган иштеринин натыйжалуулугу, Медицина тармагынын COVID-19 вирусу боюнча азыркы кырдаалдар боюнча маалыматтар угулуп, талкууланып тиешелүү протоколдук тапшырмалар берилди.  

Төрага Ж.Ормонов шаардык мэриядан социалдык тармактарга кошумча акча каражаттарын кароо боюнча сунуш берилсе, шаардык Кеңештин депутаттары муктаждыгына жараша кароого даяр экендигин билдирди.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)