Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ден соолугубузга кам көрүү - ар бирибиздин колубузда

Ден соолугубузга кам көрүү - ар бирибиздин колубузда

02 июль 2020, Четверг
1 353
0

Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын коноктору!

COVID-19 илдети дагы деле жогорку талапта ден-соолугубуз үчүн кооптонууну жаратууда. Жер жүзүндөгү бай экономикасы жана заманбап техникалары бар мамлекеттер да бул оор илдетке туруштук бере албай жеңүү жолдорун издешүүдө. Бул оор илдетти буга чейин баарыбыз биримдикте, түшүнүү менен, бири-бирибизди колдоо менен жеңип келдик. Буюрса оор абалдан өттүк. Мындан ары да ар бирибиз жеке жоопкерчилигибизди унутпай, мамлекетибиздин негизги байлыгы болгон элибиздин ар биринин ден-соолугун сактоо үчүн карантин нормаларын катуу сактап, толук аткарууга алуубуз абзел. Себеби мамлекетибиздин бакубаттуулугу, элибиздин саламаттыгы баарыбыз үчүн зарыл. Ош шаардык Кеңешинин Эл өкүлдөрү баарыңыздарга ден-соолук, чыдамкайлык каалап саламаттыгыңыздардын коопсуздугу үчүн үйдө болууга чакырат. 

Төрага:  Жапарбек Ормонов. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)