Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Бүгүн улуу аталарыбыздын акылмандыгы, сабырдуулугу жана ынтымагы биз үчүн маанилүү!

Бүгүн улуу аталарыбыздын акылмандыгы, сабырдуулугу жана ынтымагы биз үчүн маанилүү!

11 июль 2020, Суббота
1 344
0
Бүгүн улуу аталарыбыздын акылмандыгы, сабырдуулугу жана ынтымагы биз үчүн маанилүү! Урматтуу шаардыктар. Урматтуу жаштар! Учурда элибиз өтө оор жана кооптуу күндөрдү башынан өткөрүп жатат. Акыркы үч ай аралыгында турмушубузга кирип келген COVID-19 илдети ар бирибиздин жеке жашообузга бир топ өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мажбур кылды. Бул абал өлкөбүздүн социалдык, экономикалык абалына да таасирин тийгизди. Баарыбыз бул жашоодо мансап, бийлик, байлыктан да эң негизи ден соолук экендигине ынандык. Учурда бардык тиешелүү тармактардагы жооптуу кызматкерлер жеке өмүрүн тобокелге коюп элибиздин ден соолугу жана мамлекетибиздин бул абалдагы стабилдүүлүгү үчүн талыкпай эмгек кылып жатышат. Андыктан ар бириңиздерди  четте туруп кемчилик издеп табалагандан алыс болуп, түшүнбөгөнгө түшүндүрүп, сураганга туура жооп берип, жалган фейк провакациялык кабарларга эмоцияларды алдырбай илдетти жеңүүгө, жеке салым кошууга жана жоопкерчиликтүү болууга чакырам. Буюрса шаарыбызда туруктуу жашоо, стабилдүү аракеттер болуп жатат. Албетте алдыда баарыбызды ийгилик жана жакшылыктар күтүп турат. Ал үчүн баарыбыз биримдикте аракет кылып, бири бирибизге түшүнүү менен мамиле кылалы. Баарыңыздарга бакубат турмуш, чыдамкайлуулук жана бекем ден соолук каалайм! Төрага: Жапарбек Ормонов.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)