Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Кадырлуу шаарыбыздын коноктору!

Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Кадырлуу шаарыбыздын коноктору!

04 октябрь 2018, Четверг
3 730
0
Биз баарыбыз үчүн ыйык болгон,  сүйүктүү шаарыбыздын күнүн чоң кубаныч, жарык маанай менен белгилеп жатабыз. 
Андыктан Сиздерди кылымдарды каарыткан ордолуу шаарыбыздын күнү менен, Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан чын дилимден куттуктайм! Улуу Жибек Жолунун боюнда, ыйык Сулайман тоосунун боорунда жайгашкан  Ош шаары, эзелтен Батыш менен Чыгышты  байланыштырган сооданын борбору, берекенин, молчулуктун  жергеси болуп келген. Кол өнөрчүлүктүн, маданияттын ордосу катары көп улуттуу  элдин башын бириктирип турган. Шаарыбыздын тургундары  ынтымакта жана биримдикте жашаган, меймандостуктун мыкты салттарын калыптандырган улуулугу менен кадырлуу. Байыркы шаарыбыз тарыхында далай сыноолорду баштан кечирди. Бактыга жараша  кыйын кездерде   элибиз  ар дайым сабырдуулукту  жана ынтымакты туу тутуп, башкаларга үлгү, жаштарыбызга өрнөк болуп келүүдө.Акылман элибиз туура жыйынтык чыгарып, бир пикирге келип, кылымдардан бери жакшылык-жамандыкта бир болуп, бирин-бири колдоп келген ата-бабаларыбыздын жакшы салтын улантууга дилгир мамиледе болуп келе жаткандыгы, баарыбыз үчүн сыймыктуу жана жагымдуу жагдай.
Акыркы жылдары өлкөбүз сыяктуу эле Ош шаары дагы өнүгүүнүн туруктуу жолуна түштү. Ишкерлик жанданып, туризм, соода алакасы өнүгүп, жолдор оңдолуп, жаңы социалдык обьектилер, мектептер салынып, шаарыбыздын инфраструктурасы  жылдан-жылга жакшырып келе жатат. Анткени, Ош шаарында элибиздин көөнөрбөс  салтын улаган, ар намысты бийик туткан мээнеткеч жана меймандос  эли жашайт. Мен шаарыбыздын келечеги кең экендигине  терең ишенем. Келечекте Ордолуу  калаабыз  дайыма жаркырап таза, жашоого ыңгайлуу, ар тараптан өнүккөн, өзүнүн кайталангыс келбети менен ажарын дүйнөлүк алдыӊкы тажрыйбаларга айкалыштырган, заманбап алдыңкы шаар болот.
Урматтуу Ордолуу шаарыбыздын тургундары!
 Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктап, сүйүктүү Ош шаарыбызга тынчтык, ынтымак жана гүлдөп өнүгүү, ал эми сиздерге, кымбаттуу тургундар, чың ден-соолук, бакыт таалай жана ийгиликтерди каалайм! Элибизде  ар дайым ынтымак жана биримдик орноп,  Кыргызстаныбыз тынчтыкта гүлдөп өнүгө берсин.  Асманыбыз ачык, жашообуз жайлуу болсун!
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)