Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Курман айт майрамы элибизге тынчтык, ынтымак тартууласын.

Курман айт майрамы элибизге тынчтык, ынтымак тартууласын.

31 июль 2020, Пятница
2 341
0

Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын меймандары!

Ардактуу момун мусулмандар!


Сиздерди мусулмандардын эң ыйык Курман айт майрамы менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан чын дилимден куттуктайм. 

Курман айт майрамы элибизге тынчтык, ынтымак тартууласын. Ар бир үйдө береке, барчылык жана бакыт өкүм сүрсүн.

Тарыхы миң жылдан ашкан  Курман айт майрамы адам баласынын дилинин тазарышына, ыймандуу, кайрымдуу болушуна үндөп келген. Бул майрамдын келишин мусулмандар ар дайым чыдамсыздык, кубаныч менен тосуп алышат. Курман айт күнү биз шаарыбызда жашаган ар улуттагы мекендештерибиздин биримдигин, ынтымагын, оору-сыркоодон алыс болууну, тилсиз апааттардан сак болууну жана өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүн тилейбиз. 

Ушул күнү курмандык чалынып, үй-бүлө, тууган-урук менен чогуу өткөрүүгө, жоро-жолдоштор менен мамилени жаңылоого, чыңдоого, жардамга муктаж болгондорго, жетим-жесирлерге, карыларга жардам берүү үчүн кайрымдуулук, соопчулук иштери жасалат. 

Ата-бабаларыбызды, энелерибизди, жакындарыбызды эскерип, улууларга таазим этип, келечекке жакшы ниеттерди кылабыз. Алла-Таала ушул кайрымдуулук жана соопчулук үчүн жасаган иштерибизди кабыл кылсын.

Урматтуу жана Кадырлуу калайык калк!

Бул майрам элибиздин ынтымагына, улуттар арасындагы достукка данакер болсун. Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, иштериңиздерге ийгиликтерди каалайм. Жергебизде ынтымак-ырашкерлик орноп, элибиз тынчтыкта бай жана бакубат жашасын.

Айтыңыздар маарек болсун!

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)