Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында Эл аралык маданий симпозиум болду

Ош шаарында Эл аралык маданий симпозиум болду

04 октябрь 2018, Четверг
3 365
0
Бүгүн Ош шаарынын күнүнө карата «Байыркы Ош шаарынын маданий баарлашуусу» атуу илимий симпозиум болду. Иш  чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, депутаттар, Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, чет өлкөлөрдөн келген жазуучулар, илимий докторлор катышышты.
Симпозиумду Ош шаардык Кеңешинин төрагасы ачык деп жарыялап, байыртадан бери эле Ош шаарынын маданиятты дүйнө элин суктандырып келгенине токтолду.
«Ош шаарыбыздын, көп улуттуу элибиздин маданиятына, кылымдардан бери сакталып келе жаткан тарыхий мурастарына, каада салттарына суктанышкан дүйнө элдеринин жагымдуу ойлору жана каалоо-тилектери биз үчүн баалуу жана кадырлуу деп эсептейм», - деди Ж. Ормонов. 
Ошондой эле,  симпозиумду уюштурууга кошкон салымдары үчүн, Кыргыз Респубилкасынын Жогорку Кеңешинен келген Ыраазылык баракчасы жана баалу белектерди уюштуруучуларга тапшырды.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)