Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин депутаттары Туркия мамлекетинин Амасья шаарына иш сапары менен барышты

Ош шаардык Кеңешинин депутаттары Туркия мамлекетинин Амасья шаарына иш сапары менен барышты

04 октябрь 2018, Четверг
3 778
0
Ушул жылдын 27-28-сентябрь күндөрү Ош шаардык Кеңешинин депутаттары Туркия Респубилкасынын Амасья шаарына кызматташтыкты бекемдөө жана тажрыйба алмашуу максатында иш сапары менен барышты.  Делегацияны Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов жетектеп, депутаттар Эсен Арзиев, Акыл Турдубай уулу, Гулшаркан Култаева, Айгул Салиева, Айбек Камаловдор барышты. 
Иш сапардын жүрүшүндө Амасья провинциясынын губернатору Доктор Осман Варол, шаар мэри Джафер Оздемирлер менен жолугушуу болду. Жолугушууда Ош шаары менен Амасья шаары боордош шаарлар болгондуктан эки тараптуу социалдык-экономикалык кызматташтукты бекемдөө, тажрыйба алмашуу туурасында сүйлөшүштү. Ош шаардык Кеңешинин төрагасы, Амасья шаарынын күнүмдүк турмушунда колдонуп жаткан жаңы долбоорлорду Ош шаарына ишке ашырууга артыкчылык берилиши керектигин баса белгиледи.
“Амасья шаарынын таштандыларды кайра иштеп чыгуу, туризм тармагын өнүктүрүү багытында бир топ алгылыктуу иштер жасалып жатат экен. Бул ийгиликтерди Ош шаарына да ишке ашырууга бизде мүмкүнчүлүктөр бар. Ал эми Ош шаары да бир топ жетишкендиктерин Амасья шаары менен бөлүшүүгө даярбыз”, - деди Ж. Ормонов.
Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө таштандыларды кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын иштеп чыгуу, кичи дарыяларда чакан ГЭСтерди куруу долбоорлору менен жеринен таанышышты. 
Эске сала кетсек, Ош шаары менен Туркия Республикасынын Амасья шаары 2005- жылы боордош шаарлар келишимине кол коюшкан. 
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)