Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын күнүнө карата майрамдык иш чаралар өтүүдө

Ош шаарынын күнүнө карата майрамдык иш чаралар өтүүдө

08 октябрь 2018, Понедельник
3 568
0
Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата борбордук аянтта бир катар майрамдык иш чаралар болууда. Ага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош шаарынын мэри Таалай Сарыбашов, Жогорку Кеңештин депутаттары, шаар тургундары катышууда.
Иш чаранын жүрүшүндө коноктор Ош шаарынын окуучуларынын аянтка тарткан сүрөт көргөзмөсү, жогорку окуу жайлардын көргөзмөсү, “Сулайман-Тоо- тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу улуттар аралык мамлиени чыңдоо максатында фестивалы, дене-тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулган спорттук оюндар жана “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманкелери менен таанышып чыгышты. 
Жыйынтыгында өзгөчө даярдалган жана активдүү катышкан катышуучуларга Ош шаарынын мэриясынын баалуу белектери жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)