Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өткөрүлдү.

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өткөрүлдү.

19 октябрь 2018, Пятница
3 399
0
Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болду. Отурумга депутаттык комиссиянын төрагасы Н.Рашев, мүчөлөрү: Н.Алимбеков, К.Камчы уулу, Ж.Тажибаев, К.Мамбетов, Х.Хакимов катышты.
Отурумда «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу, этникалык кыргыздарга жеке турак-жай курууга кезексиз жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү, Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелеринин максаттык багытын которууга макулдук берүү,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Мамлекеттик Агенттигинин Ош аймактык башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштери  жөнүндөгү маселелер каралды.
Отурумда күн тартибине киргизилген маселелер боюнча терең талкуу жүргүзүлүп, «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» жөнүндө Жобого өзгөртүү киргизүү сунушталып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Мамлекеттик Агенттигинин Ош аймактык башкармалыгына Ош шаарындагы экологиялык кырдаал боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)