Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

08 сентябрь 2022, Четверг
518
0


2022-жылдын 8-августунда Ош шаардык Кеңешинин V чакырылышынын архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму  болуп   өттү. Отурумга туруктуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү   Бакир уулу Ш., Кадырбек кызы Н., Айтбаев А., Зайнидинов А.Т.,Шайиев К.И., Толубаев З.Б., Раимов Э.Ж., депутат Арзиев Э.М. катышты.

Отурумда күн тартибине киргизилген төмөндөгү маселелер каралды: 

1.Ош шаарынын мэринин 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы боюнча отчету жөнүндө.

2. Жапалак жайыт комитети тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө. 

3. «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө.

4. Ош шаарынын аймагындагы кээ бир көчөлөргө аталыштарды ыйгаруу жөнүндө.

            Күн тартибиндеги маселелер кызуу талкууланып, бардык маселелер шаардык Кеңештин сессиясында кароого жөнөтүлдү.



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)