Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов "Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү" менен куттуктады

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов "Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү" менен куттуктады

11 ноябрь 2020, Среда
1 078
0


Урматтуу жаштар!


            Кыргыз Республикабызда 2002-жылы өлкөбүздүн өзөгүн түзгөн жаш муундун активдүү болуусун жана жаштар саясатын өнүктүрүү максатында мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп, 10-ноябрь жергебизде жыл сайын жаштар күнү катары белгиленип келет.

Андыктан, Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү менен куттуктап, баарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр, жаркын келечек, окуудагы, иштеги, жеке турмушуңарга ийгилик каалап кетүүгө уруксат этиңиздер.

Өлкөбүздүн келечеги жаштарда. Ал келечектин жолу жооптуу жана сыймыктуу. Ага түзүүчүлүктү, жаратмандыкты талап кылган милдеттер, көп иштер турат. Жаштар бар жерде жигердүүлүк, демилгелүүлүк күчтүү болушу керек.

Жер жүзүн каптаган каронавирус илдети биздин мамлекетибизде да кооптонууну жаратып, ал илдет менен күрөшүүдө жаштар ыктыярдуу уюмдарды түзүп, канчалаган жарандарыбыздын өмүрүн сактап калышты.

Андыктан, жаштардын катарында болгон саламаттык сактоо, ички иштер кызматкерлери, окутуучулар, мугалимдер, студенттер жана башка жаштардын тобуна ушул пандемияда жасаган жана жасап жаткан иштери үчүн ыраазылык айтабыз.


Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-Министр Садыр Нургожоевич да өзүнүн сөзүндө мамлекеттик башкаруу системасында, өлкөбүздүн буга чейинки тарыхында болуп өткөн терс көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн жаштарга басым жасалып элибиздин жакшы жашоосун камсыз кылууга, ырыс-кешиктүү жергебизде ынтымак, өсүп-өнүгүүгө баарыбызды чакырып жатат.

            Шаарыбызда өтүп жаткан коомдук, саясий, тарыхый, маданий иш чаралардын бардыгына жаштарыбыз активдүү катышып жатышы бизди кубандырат.

                   Урматтуу жаштар, ордолуу Ош шаарыбыздын өсүп-өнүгүшүнө өз салымыңыздарды кошуп жатасыздар. Шаарыбыздын чыныгы патриоту катары силер улуулардын жолун улап, XXI кылымдын тизгинин кармап, заман менен бирге кадам таштап, алдыңкы сапта болууңарга тилектешпиз.


                        Дагы бир жолу майрамыңар менен.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)