Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму өткөрүлдү

Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму өткөрүлдү

17 ноябрь 2020, Вторник
1 012
0

Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өткөрүлдү.


Отурумга Ош шаардык Кенешинин төрагасы Ж.Ормонов катышып, комиссиянын төрагасы А.Осмонов алып барып, мүчөлөрү Г.Б.Эсенбаева, Т.А.Жунусов, А.Ш.Мадаминов, С.А.Курбаназаров, С.Нуркамиловалар жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери катышышты. 


Отурумда социалдык тармагынын мекемелеринин аткарып жаткан ишмердүүлүктөрү талкууга алынып, жетекчилер тарабынан берилген маалыматтарга ылайык суроолор  берилип, депутаттардын сын-пикирлери айтылды. Отурумдун жыйынтыгы боюнча  социалдык тармагынын бир нече мекемелеринин ишмердүүлүктөрүнүн абалы жана аткарып жаткан иш аракеттерге карата чечим кабыл алуу үчүн Ош шаардык Кеңешинин сессиясынын кароосуна күн тартибиндеги “Ош шаардык маданият башкармалыгынын жана Ош шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын аткарган иштери боюнча маалыматын угуу жөнүңдө”, ”Пандемия учурунда калктын саламаттыгын камсыздоо жана социалдык коргоо тармагындагы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө”, “Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инпекциясынын ишинин натыйжалуулугу жөнүндө”  маселелер сунушталды. 

 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)