Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын көчмө жыйыны болуп өттү

Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын көчмө жыйыны болуп өттү

18 ноябрь 2020, Среда
1 097
0

Жыйынды комиссиянын төрагасы Б.К.Шоноев алып барып, мүчөлөрү С.А.Бердиев, Р.А.Турдуев, Р.О.Касымов, Г.К.Турдубаева жана мекеме ишканалардын жетекчилери катышышты.

Отурумда мекеме ишканалардын жетекчилери депутаттарга шаардагы жылуулук-комплекс мекемелеринин күз-кышка болгон даярдыгы, учурдагы аткарылып жаткан иштери, алдыда аткара турган пландары тууралуу маалымат беришти. Депутаттар жана мекеме ишкана жетекчилери ортосунда суроо-жооп иретинде көптөгөн суроолор берилип, кызуу талкууланды. Жетекчилер ишкана-мекемесиндеги көйгөйлөрдү айтышып депутаттарга өз сунуштарын каалоолорун билдиришти. Депутаттар жылуулук берүүчү мекемелердин иши менен жеринде барып таанышып, жыйынтыгында транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын депутаттары тарабынан Ош шаарындагы жылуулук-комплекс мекемелеринин 2020-2021-жылдарда күз-кыш өнөктүгүнүн журүшү жөнүндөгү маселе Ош шаардык Кенешинин сессиясына сунушталды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)