Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Кулатов кичи шаарчасындагы №6, №8 көп кабаттуу үйлөрдү презентациялоо боюнча иш чара өткөрүлдү

Кулатов кичи шаарчасындагы №6, №8 көп кабаттуу үйлөрдү презентациялоо боюнча иш чара өткөрүлдү

15 ноябрь 2018, Четверг
3 338
0
Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын демилгеси менен ишке ашырылган Кулатов кичи шаарчасындагы №6 жана №8 көп кабаттуу үйлөрдө аякталган жаңылоо,  сырдоо, заманбап балдар ойноочу аянчаларынын шаар коомчулугуна арналган презентациясы өткөрүлдү. Долбоор шаардын башка аймактарында да улантылаарын шаар мэри Таалайбек Сарыбашев билдирди.  Көп жылдан бери капиталдык ремонттон өткөрүлбөгөн жана тиешелүү шарттары жок үйдө жашаган тургундар кайрадан жаңыланып, талаптагыдай шарттардын түзүлгөдүгү үчүн   шаар жетекчилерине ыраазылыктарын билдиришти. Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов мындай алгылыктуу иш-аракеттер депутаттар тарабынан дайыма колдоо табаарын билдирип, жашоочуларды ийгиликтери менен куттуктады.  
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)