Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында Султан Ибраимовдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш чара өткөрүлдү

Ош шаарында Султан Ибраимовдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш чара өткөрүлдү

20 ноябрь 2018, Вторник
3 329
0
Бүгүн Ош улуттук драма театрында Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Султан Ибраимовдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш чара өткөрүлдү. Иш чарага калаа башчылары, Султан Ибраимовдун замандаштары, ардагерлер жана эл өкүлдөрү катышышты. Иш чаранынын жүрүшүндө Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев, Өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, ардагерлер, Султан Ибраимовдун мамлекет үчүн жасаган баалуу эмгектерин белгилешип, басып өткөн өмүр жолуна токтолушту.
          Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Султан Ибраимовдун өзгөчө мамлекетибиздин түштүгүндөгү баалуу эмгектерине токтолуп, аткарган иши, эл алдында көтөргөн жүгү, алдыга койгон улуу максаттары, адамдык бийик касиети, муундан-муунга өтүп, ысымы элибиздин тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калды деп баса белгиледи жана  баалуу эмгектерине таазим кылып, Султан Ибраимовдун ысымын түбөлүк унутпоого чакырды.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)