Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өткөрүлдү.

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өткөрүлдү.

22 декабрь 2020, Вторник
1 136
0

2020-жылдын 22-декабрында Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өткөрүлдү.

Отурумду туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Батыров алып барды. Отурумга комиссия мүчөлөрү депутаттар, Э.Арзиев, С.Назылбеков, Ж.Нариев жана И.Капаровдор катышышты. 

Күн тартибиндеги Ош шаарынын мэриясынын СОVID-19 инфекциянын жайылышына байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам шаардагы коммерциялык түйүндөрдөн жана калктан таштанды үчүн жыйымдар толук көлөмдө жыйналбагандыктан, “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына субсидия катары кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү боюнча жана Ош шаарында муниципалдык ипотека шартында берилген турак-жайлардын жашоочуларынын кайрылуу каттары каралып, каралган маселелер Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталды.


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)