Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Төрага Ж.Ормоновдун жаңы жылдык куттуктоосу

Төрага Ж.Ормоновдун жаңы жылдык куттуктоосу

31 декабрь 2020, Четверг
1 385
0



Урматтуу ордолуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору!


Сиздерди жакшылыктын жана ырыскы берекенин жышааны болгон жаңы 2021-жылыңыздар менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан чын дилимден кызуу куттуктайм!

         Баарыңыздардын  үй-бүлөңүздөргө ынтымак, бактылуу турмуш жана бакубатчылык каалайм. Жаңы жыл жүзүбүзгө жылмаюу тартуулаган жүрөгүбүзгө  жаштыктын жана жакшылыктын үрөөнүн сепкен касиеттүү жыл болсун!

         Өтүп бара жаткан жыл мамлекетибиз үчүн зор өзгөрүүлөрдүн, өсүүлөрдүн  жана элибиз үчүн чоң сыноолордун жылы болду. 

Мыйзамдуулукту сактап максаттуу аракеттердин алдында Кыргызстаныбыз ар тараптан жаңылануунун жана өнүгүүнүн жолуна түштү. 

Ордолуу Ошубуз үчүн да өтүп бара жаткан жыл өзгөчө жыл  болуп, шаарыбыз жаңы дем, күч менен жасалып жаткан эмгектердин алдында кулпурган касиеттүү шаарга айлана баштады.  

Андыктан мындай жакшы саамалыктар, кирип келе жаткан жаңы жылда да болооруна терең ишеним артып, ийгиликтердин бийик чокуларына жетүүгө тилектештигимди билдиремин.

Баарыбыз жүрөк толкуткан кубанычтуу окуянын күбөсү болуп, жаңы жылды жакшы маанайда тосуп алалы. 

Мамлекетибиздин алдыдагы жолу ачык болуп, үмүт тилегибиз ишке ашсын. Жараткан элибизди, жерибизди жамандыктан сактасын. 

Дайыма бакубатчылыкта жана амандыкта бирге бололу! 

  Жаңы жылыңыздар менен!

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)