Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын 2021-жылга карата бюджетинин долбоору талкууланды

Ош шаарынын 2021-жылга карата бюджетинин долбоору талкууланды

03 февраль 2021, Среда
1 066
0

Ош шаарынын 2021-жылга карата бюджетинин долбоору талкууланды

2021-жылдын 3-февралында Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болду. 

Отурумду комиссиясынын төрагасы А.Батыров алып барып, депутаттар Д.Атабаев, Т.Эркебаев, Э.Арзиев, С.Мирзаев С.Назылбеков, Ж.Нариев жана Ш.Нурановдор катышышты. Отурумдун күн тартибиндеги Ош шаарынын 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин долбоорунун киреше бөлүгү Ош шаарынын мэриясынын биринчи вице-мэри Ж.Турганбаевдин, мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын, мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгынын жана Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчыларынын катышуусунда каралып, депутаттардын сын-сунушунун негизинде отурум 2021-жылдын 4-февралында улантылаары белгиленди. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)