Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү

04 февраль 2021, Четверг
984
0

Ош шаардык Кеңешинин  туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү     

Бүгүн, 4-февралда  Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык   комиссиясынын отуруму  өткөрүлдү.     

Күн тартибинде көрсөтүлгөн маселелер боюнча, Ош шаардык жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн шаардын тургундарына көрсөткөн кызматтарына түшкөн арыз даттануулар боюнча маселе талкууланды. Ошондой эле КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын өрт өчүрүү жана авариялык куткаруу иштери боюнча бөлүмүнө өрт коопсуздугун алдын-алуу боюнча үгүт-насаат иштерин тынымсыз  жүргүзүп туруулары керектиги айтылды.  Шардык Кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов шаарыбызда курулуп жаткан көп кабаттуу имараттардагы өрт коопсуздугунун сакталышына өзгөчө көңүл буруу зарыл экендигин баса белгиледи. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)