Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отурум болуп өттү

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отурум болуп өттү

30 ноябрь 2018, Пятница
3 382
0
2018-жылдын 30-ноябрында Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болду. Отурумга депутаттык комиссиянын төрагасы Н.Рашев, мүчөлөрү: Н.Алимбеков, К.Камчы уулу, Ж.Тажибаев, К.Мамбетов, Х.Хакимов, А.Турдубай уулу, О.Абдрахмановтор катышышты.
Отурумда Ош шаарынын 2018-2020-жылдарда кыска мөөнөттүү өнүктүрүү программасы,   «Ош шаарынын Ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу,Ош шаардык Кеңеши тарабынан 2017-2018-жылдары кабыл алынган токтомдордун аткарылышы жана Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө маселелери каралды.
Отурумда күн тартибине киргизилген маселелер боюнча терең талкуу жүргүзүлүп, тиешелүү токтомдор кабыл алынды. Ал эми Ош шаарын 2018-2020-жылдарда кыска мөөнөттүү өнүктүрүү программасы отурумда айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен депутаттардын кароосу үчүн  кийинки отурумга кайрадан киргизүү сунушталды.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)