Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отурум болуп өттү

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отурум болуп өттү

04 декабрь 2018, Вторник
3 287
0
2018-жылдын 3-декабрында Ош шаардык Кеңешинин  транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болду. Отурумга Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, депутаттык комиссиянын төрагасы Б.Шоноев, мүчөлөрү: Г.Турдубаева, Р.Турдуев, Р.Касымов, Ош шаарынын биринчи вице-мэри, вице-мэрлери, Ош шаарынын тиешелүү кызматтарынын жетекчилери катышты.
Отурумда «Туруктуу өнүгүүгө багыт» Ош шаарын 2018-2020-жылдарда кыска мөөнөттүү өнүктүрүү программасы, Ош шаардык Кеңеши тарабынан 2017-2018-жылдары кабыл алынган,  шаардык Кеңештин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын көзөмөлүндө турган токтомдордун аткарылышы, «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасынын таза сууга жана саркынды сууларды кабыл алып тазалоого болгон прейскуранттык баасы (тарифи) боюнча, электр энергия тармагындагы мекеме-ишканалар тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө маселелер каралды.
Отурумда күн тартибине киргизилген маселелер боюнча терең талкуу жүргүзүлүп, тиешелүү токтомдор кабыл алынды. Ал эми «Туруктуу өнүгүүгө багыт» аттуу Ош шаарын 2018-2020-жылдарда кыска мөөнөттүү өнүктүрүү программасы жана «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасынын таза сууга жана саркынды сууларды кабыл алып тазалоого болгон прейскуранттык баасы (тарифи) боюнча маселелер Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталды.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)