Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Советтик Армиянын Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылгандыгынын 32-жылдык күнүнө карата эскерүү аземи өткөрүлдү

Советтик Армиянын Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылгандыгынын 32-жылдык күнүнө карата эскерүү аземи өткөрүлдү

15 февраль 2021, Понедельник
1 337
0

Советтик Армиянын Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылгандыгынын 32-жылдык күнүнө карата эскерүү аземи өткөрүлдү


         Бүгүн төраганын орун басары Бактыбек Каналиев Советтик Армиянын Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылгандыгынын 32-жылдык күнүнө карата уюштурулган иш-чарага катышты.

         Өз сөзүндө Б.Каналиев Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормоновдун жана депутаттардын атынан Афган согушунун ардагерлерин Советтик Армиянын Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылгандыгынын 32-жылдык күнү менен кызуу куттуктады.

Аскердик антка бекем жоокерлер афган согушунда каармандык жана эрдик менен салгылашып, эң мыкты касиеттерин, мекенчилдигин жана Мекенге берилгендигин, тайманбастыгын жана жогорку аң-сезимдүүлүгүн көрсөтүшкөндүгүн. Афган согушунун алдында берген антын бек сактап, өз өмүрүн курмандыкка чалып Мекен алдындагы ыйык милдетин аткарган жоокерлерге таазим этүүгө үңдөдү.

Сөзүнүн аягында, арадан канча жыл өтсө дагы каарман жоокерлердин эрдиги кыргызстандыктардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталышын билдирди.



         

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)